Түндүк: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз ..." |
No edit summary |
||
1-сап:
[[БОЗ ҮЙ|Боз үйдүн]] очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакай калктын элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо өнөрдүн өтө кылдаттыгын, татаалдыгын, сыпаалыгын, жана оордугун аныктайт.<br />
Айрым чеберлердин түндүк узануу дүкөнү — тегерек дөңгөлөк. Оболу, талды, же теректи кыйып келет. Жогоруда айтылгандай, корго салып кызытып алат. Түндүк жыгачы жоон болгондуктан, кызытууга эки-үч саат убакыт кетет. Тигил дөңгөлөк дүкөнүн төрт-беш жеринде чынжыры, башы иймектей үч лому болот. Жаактык жыгачты кызыткандан кийин дөңгөлөккө алып келип чынжыр, ломдун жардамы менен жаадай кылып, керип бекитилет. Ал бир ай бою жаткан жеринде кургатылат. Түндүктүн экинчи жаагын жасоодо да ушул ыкма дал өзүндөй кайталанат. Түндүктүн жаагы жыгачтын шартына жараша эки-үч бөлүктөн турушу ыктымал. Ошентип, түндүктүн тегерегин (айланасын) бүткөндөн кийин анын
Түндүктү жасоодо чеберлер бутагы жок кайыңды да тандашат. Мурун мунун ички бети чабылат. Жай мезгилде отуз күндө жыгач табына келе кургайт да, өзүнүн тезине салынат. Түндүк тези да кайыңдан жасалат. Аны беш-алты киши араң ийип, аркан-кендир менен байлап, башын куушуруп бириктирет. Анан анын сырткы кабыгына аарчып, дагы он беш күнчө кургатылууга коюлат. Көзү да үшкү аркылуу көзөлөт.<br />
Кээ бир түндүкчүлөр буга турпан талды пайдаланат. Аны кыркып келип, жара чаап узундугу 3 метр, кыкка көөмп койсо, жыгач эки күндө былкылдап жибийт. Аны тезге коет. Ага эки-үч адамдын колу керек. Тезден чыккан түндүктү жер казыкка кагып, ошого жатак алдырат. Андан кийин тегиздеп чаап, бурама аркылуу карматып көзөйт. Муну ычытып көзөөчү курал «чулгуур» деп аталат. Уук-кереге жана түндүк кармоо үчүн усталардын дүкөнү болот. Түндүк кармаган адам боз үй жасай алат. Абалы цемент куюп, жаа кылып, чебер аны 180 ошого айлантып коет. Түндүктүк жыгач жарым айда кургатылат. Түндүктүн жарым үлгүсү үч метр болушу керек. Түндүктүн талдын ичке башы сегиз-он см ге барабар. Аны 5—6—8-см кылып, төрт бурчтуу чаап сүрүп, анан «кызытуу» дүкөнүнө салат. Ошондо он алты талды бир салып, эки саат кайнатабыз да, четинен тезге коёбуз.
<br />
Түндүктүн жоондугу 28—30 см болушу керек.
Көпчүлүк жерлерде түндүктүн негизги жердигин талдан, теректен тандашат. Түндүктүн төрт талаасына кооздук үчүн шакек коюп, ага түрлөнтүп, оюм-чийим түшүрүү нускасы да бар. Түндүктүн чамгарагына кулжанын мүйүзүн, же күмүш чегеленген шакек койгон усталар да элибизге таандык. Түндүк көздөрүнүн ууктун башы чыкпас үчүн бөрктүү төбөлөмө жасалгандар кездешет.<br />
|