Боз үй: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
11-сап:
Боз үйдү жасоодо, [[БОЗ ҮЙ ТИГҮҮ|тигүүдө]], [[Боз үй чечүү|чечүүдө]], [[Боз үйдү жүктөө|жүктөөдө]], [[Боз үйдү сактоо|сактоодо]] көркөм кол өнөрчүлүктүн ар бир түрү табы менен кармалат да, [[тери]] - [[жүн]], [[сайма]], [[таар]], [[жыгач]], таш буюмдары боз үйдүн ички колдонмо-жасалгаларына катыш жасайт. Узчулук: [[оймочулук]], [[саймачылык]], чыгармачылык,[[өрмөкчүлүк]], килемчилик, түймөчүлүк, бычмачылык, [[зергер]]чилик, кайышчылык, [[жыгаччылык]], мүйүзчүлүк, [[таш чегүүчүлүк]] боз үйдөн көрүнүп, элдик буюм катары таанып-туюлат. Эстетикалык ыракат берет. Эгер өнөрдүн бирөө болбосо, үйдүн бир татым тузу кемийт. Боз үй көтөрүүчүлөр жогоруда санап кеткен узчулук (аялдарга таандык өнөр) аракеттерин бүтүндөй өзү эле бир колдон чыгарууга жетишкен. Ким зергер аталса, ал боз үйдүн устачылыгын түгөл кармаган.
 
Боз үй азыр ак өргөө катары тигилүүдө. Анда [[коломто]] жок. Үйдүн эни менен бирдей [[шырдак]], [[ала кийиз]], [[шалча]] салынат. Боочулары, тегиричи, [[кылдырооч|кылдыроочу]] кадимки терме болот. Боз үй тигүүдө айырмачылыктар бар. Жасалга буюмдарында жашыл түс арбын пайдаланылса, ички жасалгалар жашыл болуп көрүнүп, аны «жашыл үй» дейт. Мына ушундай боекторуна карай «сары үй», «кара үй», «кызыл үй» деп айтылышы ыктымал.
 
== Маалыматтын булагы ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Боз_үй" булагынан алынды