Жантай Баатыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with " Сарыбагыш уруусунун манабы Жантай Карабек уулунун (1794-1868) дайыны биринчи жолу 1842-жылы Ормонду Бу..."

No edit summary
1-сап:
'''Жантай батыр Карабек уулу (1794-1868)''' - белгилүү инсан, саясатчы.

[[Сарыбагыш]] уруусунун манабы Жантай Карабек уулунун (1794-1868) дайыны биринчи жолу 1842-жылы [[Ормон хан | Ормонду]] Буткул кыргыздардын ханы кылып жарыялаганда катуу чыккан. Жантай Ала-Тоодогу кыргыз урууларынын эң көрүнүктүү жетекчилеринен болгон. Ошол учурда анын Кыргыз мамлекетин түзүүдөгү ээлеген орду жогору болгон. Уруулардын ортосундагы бөлүнүп-жарылуулар жана тышкы себептер чыр-чатактарды ырбатып, ошол мезгилде кыргыздардын бир мамлекетке биригүү оюн үзгүлтүккө учураткан.

1854-жылы [[Ормон хандынхан]]дын өлүмү, замандаштарынын айтуусу боюнча, уруулардын ортосундагы чырчатакты ырбаткан. Түндүк Кыргызстандын элин көпкө дейре дүрбөлөңгө салган. Андай жаңы шартта Жантайдын таасири жогорулаган. Буга мисалы, 1855-жылы 13-сентябрда падышалык кызматчылардын биринин Жантайга жазган каты күбө: "Ак ниет акылман, досторунун коргоочусу, душмандан тайманбас, арстандын колу, жолборстун жүрөгү бар, урматтуу манап Жантай Баатыр Карабековго көптөн-көп таазимимди жөнөтөм, чың ден соолук, бакыт жана жыргалчылык каалайм". Каттын кайырмасы ушундай болгон. Кыязы, падышалык кызматчыллар да тегин кишилерден болбосо керек. Алар жергиликтүү башкаруучуларга көңүл жибиткен сый-урмат көрсөтө билишкен.
Андан ары минтип жазат: "Мага Урмандын (Ормондун) бугу уруусу менен согушу жөнүндө кабар келип жетүүдө. Урман өлгөндөн кийин (ага эми Кудай өзү калыс болот), мен ойлойм, сарыбагыш уруусунун башчысы сен болуп калдың, ошондуктан сага жакшы сөздөрүм менен кайрылып жатам. Богудан (бугудан) көп кан төгүлдү, алар көп жабыр тартышты. Эл алдындагы өзүңдүн бийлигиңдин күчү жана кадыр-баркың менен бөөдө кан төгүүнү токтоткула... Чынчылдыгы жана жүрөгүнүн актыгы менен менин урматтоомо татыган адам катары мен сага жакшы кеңеш менен кайрылам".

Жантайга [[Кокон хандыгы | Кокон]] төбөлдөрү да урматтоо менен мамиле жасашкан. 1863-жылы алардын бирөө жөнөткөн катында: "Бардык көчмөн элдер Кокон өкмөтүнө баш ийишти" деп жазып, Жантайды минтип жекирет: "Бирок, сиз, кадырлуум, бир барак кат жазып койбодуңуз, биз буга абдан таң калуудабыз". Хандыктын күчүн жана кадыр-баркын көрсөтүү үчүн сарыбагыш манабына андан ары минтип жазат: "Бизге жарашып-тил табышуу менен Кытай ханы жана Бухара падышасынан элчилер, ошондой эле Сирвандан Каратегиндер, Шатар жана Саябздан, Хитай жана Кыпчак урууларынын бектеринен адамдар келишүүдө"... Андан ары катта эскертуу айтылат: "Ислам үчүн каргыш тийген орустарга каршы кылычыбызды көтөрүп чыгуудан башка арга калган жок, биз жаздын келери менен бардык аскерлерибиз жана курал-жарактарыбыз менен бизден бөлүнүп калган элдерди бошотуу үчүн жөнөйбүз. Сиз кеңешүүгө жана ырайым алууга эртерээк келүүңүз керек". Кокон хандыгы ашкере убадаларды берүү менен Жантайды орустарга каршы жүрүшкө тарткысы келген.

1854-жылы Ормон хандын өлүмү, замандаштарынын айтуусу боюнча, уруулардын ортосундагы чырчатакты ырбаткан. Түндүк Кыргызстандын элин көпкө дейре дүрбөлөңгө салган. Андай жаңы шартта Жантайдын таасири жогорулаган. Буга мисалы, 1855-жылы 13-сентябрда падышалык кызматчылардын биринин Жантайга жазган каты күбө: "Ак ниет акылман, досторунун коргоочусу, душмандан тайманбас, арстандын колу, жолборстун жүрөгү бар, урматтуу манап Жантай Баатыр Карабековго көптөн-көп таазимимди жөнөтөм, чың ден соолук, бакыт жана жыргалчылык каалайм". Каттын кайырмасы ушундай болгон. Кыязы, падышалык кызматчыллар да тегин кишилерден болбосо керек. Алар жергиликтүү башкаруучуларга көңүл жибиткен сый-урмат көрсөтө билишкен.
Андан ары минтип жазат: "Мага Урмандын (Ормондун) бугу уруусу менен согушу жөнүндө кабар келип жетүүдө. Урман өлгөндөн кийин (ага эми Кудай өзү калыс болот), мен ойлойм, сарыбагыш уруусунун башчысы сен болуп калдың, ошондуктан сага жакшы сөздөрүм менен кайрылып жатам. Богудан (бугудан) көп кан төгүлдү, алар көп жабыр тартышты. Эл алдындагы өзүңдүн бийлигиңдин күчү жана кадыр-баркың менен бөөдө кан төгүүнү токтоткула... Чынчылдыгы жана жүрөгүнүн актыгы менен менин урматтоомо татыган адам катары мен сага жакшы кеңеш менен кайрылам".
Жантайга Кокон төбөлдөрү да урматтоо менен мамиле жасашкан. 1863-жылы алардын бирөө жөнөткөн катында: "Бардык көчмөн элдер Кокон өкмөтүнө баш ийишти" деп жазып, Жантайды минтип жекирет: "Бирок, сиз, кадырлуум, бир барак кат жазып койбодуңуз, биз буга абдан таң калуудабыз". Хандыктын күчүн жана кадыр-баркын көрсөтүү үчүн сарыбагыш манабына андан ары минтип жазат: "Бизге жарашып-тил табышуу менен Кытай ханы жана Бухара падышасынан элчилер, ошондой эле Сирвандан Каратегиндер, Шатар жана Саябздан, Хитай жана Кыпчак урууларынын бектеринен адамдар келишүүдө"... Андан ары катта эскертуу айтылат: "Ислам үчүн каргыш тийген орустарга каршы кылычыбызды көтөрүп чыгуудан башка арга калган жок, биз жаздын келери менен бардык аскерлерибиз жана курал-жарактарыбыз менен бизден бөлүнүп калган элдерди бошотуу үчүн жөнөйбүз. Сиз кеңешүүгө жана ырайым алууга эртерээк келүүңүз керек". Кокон хандыгы ашкере убадаларды берүү менен Жантайды орустарга каршы жүрүшкө тарткысы келген.
1860-жылы Бишкектеги кокондук бийлик башчысы Атабек датка Жантайга кысым көрсөтүү үчүн каармандыгы жана курчтугу менен атагы таш жарган анын жыйырма жаштагы уулу Шабданды барымтага алган. Чындыгында сарбагыштардын келечекте Россиянын коргоосуна өтүп кетиши жөнүндө ой Кокон хандыгын тынчсыздандырган. Кокондо Шабданды эркелетишип, Малла хан ага алтын жалатылган кылыч жана мылтык, ошондой эле жибек чепкен тартуулаган.
Кыргыздын тектүү өспүрүмү 1860-жылы Узун-Агачта жакшы куралданган орус армиясы менен болгон хандын аскерлеринин салгылашуусун өз көзу менен көргөн. Кокон сарбаздары чабуулдун башталышында эле орус замбиректеринин добулдай бүрккөн огуна дуушар болуп, үрөйлөрү учуп качып жөнөгөн. Бул салгылашуу кокондуктардын Тундук Кыргызстандагы үстөмдүгүнө чек койгон. Кыргыздар хандыктын Россияга каршы туралбасына көздөрү жеткен. Коконго кандайдыр бир ылымдашууга негиз жок болучу. Кысым көрсөтүүдөн, тынымсыз салык алуудан, ошондой эле талап-тоноодон башка ал жактан эчтеке келчу эмес. Таразанын ташы Россияга ооп турган. Бул Жантай Карабеков менен анын уулу Шабдандын кийиңки жолун аныктаган. Алар ушул жолду тандап алуу менен, эч качан олку-солку болушкан эмес. Жантай Карабеков тарабынан уулуна берилген эстафета ишенимдүү колдо болгон.

Бугу, сарбагыш, саяк ж.б. уруулардын ар бир жолку россиялык бийликке кайрылуусунун, албетте, жергиликтүү, кээде уруулук тар мүнөздөгү себептери бар эле. Бирок кайрылуулардын бардыгы башка жакка эмес, а Россияга гана жөнөтүлүп тургандыгы көп нерсени билдирген. Россия Ала-Тоонун, бүтүндөй Орто Азиянын саясый турмушунун ажырагыс түйүнү болуп калган. Мына ушундан башталган иштин айныксыз түп-максаты акыр-аягында кыргыздардын тагдыры үчүн тарыхый мааниге ээ болгон.

Ормон хандын(1791-1854) инсандык аброю доор тогошунда жогору көтөрүлдү. Кыргыз уруулары менен уруктарынын алысты ойлогон даанышман башчылары Кокон хандыгы аймакта ансыз да татаал абалды ого бетер татаалдаштырып, ишти тудгуюк жакка алып баратканын көрүп турушкан. Орто Азияга карата басып алуучулук ой-ниеттери ачыкка чыгып калган Россия ошол мезгилде барган сайын өз дымагын көрсөтө баштаган. өз аң-сезиминде эзелтеден мамлекеттүүлүктүн идеясын алып жүргөн кыргыз уруулары эмки басаар жолун тактап алуунун зарылдыгы алдында турушту.
[[Category:Кыргыз тарыхы]]
Кыргыздарга жан тартуучулугу менен белгилуу Шералы Кокон хандыгын башкарып турган мезгилде бул үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ал кыргыздардын эгеменчил маанайына түшүнүү менен мамиле жасаган, анткени кыргыздардын биримдиктешүүсү аймакта султан Кенесары Касымовдун жетекчилиги астында Кокон хандыгынын мерчемдерине олуттуу коркунуч жарата баштаган казактарды токтотууга да өбөлгө боло алмак.
[[Category:Кыргыз саясатчылар]]
Түндүк Кыргызстандын уруулары, өзгөчө сарыбагыш жана бугу уруулары ал мезгилде өз алдынчалыкка жигердүү умтулушкан. Дал ушулардын башкаруучулары өз урууларын Россиянын букаралыгына кабыл алуу өтүнүчү менен россиялык бийликтерге өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. 1842-жылдын жайында Ысык-Көлдүн батыш жээгиндеги Көтмалды (азыр Балыкчы) деген жерде атактуу курултай чакырылган. Мындай демилгени сарыбагыш уруусунун парасаттуу манабы Ормон Ниязбеков көтөргөн. Курултайга сарыбагыш, бугу, саяк, солто, саруу, кушчу, черик ж.б. уруулардын өкүлдөрү катышкан. Кыргыз урууларын Кокон тарабынан көрсөтүлгөн кысымга алуулар жана башка коркунучтар менен күрөшүү үчүн баш коштуруу идеясы курултайда толук колдоого ээ болгон. Сарыбагыш уруусунун бийи Жантай Карабековдун жана саяк уруусунун бийи Качыкенин сунушу боюнча кыргыздардын Башкы ханы болуп Ормон Ниязбеков шайланган.

[[Category:Тарых]]
Ормон Санташ ашуусуна салынган өзүнүн чебине, өзүнүн туусуна ээ болгон, үйүр-үйүр мал күткөн. Анын кыргыз урууларынын арасындагы кадыр-баркы зор эле. Курултайдын чечими өзүн актаган. Байыркы салт боюнча аны ак кийизге салып көтөрүшкөн. Иш жүзүндө бул Кокон менен тең катарда турууга жөндөмдүү Кыргыз хандыгын түзүү дегенди билдирген.

[[Category:Саясат]]
Жаңыдан шайланган Бүткүл кыргыздардын ханы мамлекеттик негиздерди чыңдоо боюнча жигердүү чараларды көргөн. Анын чыгарган жарлыктары кийин "Ормон окуусу" деген аталыш алган орчундуу мыйзамдык негизди түзгөн. Хандыкта коргонуунун да, кол салуунун да талаптарына бирдей жооп берген аскердик түзүлүш жаралган. Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Төрөгелди баатырдык даңкка ээ болгон жана согуштук кагылышууларга жетишерлик кол топтогон. Тышкы байланыштарды жүзөгө ашыруу үчүн да уюм түзүлгөн.

Хандык милдеттерин аткарууда Ормон өзүнүн дайындаган кишилери - манаптарга таянган. Соттук иштерди хандын кеңешчилери Мүдөрбек менен Миңназар жүргүзүшкөн. Оор кылмыштарга даргага асуу аёосуз жазасы берилген. Ормон хан кыргыздарды отурукташып, дыйканчылыкка көнүктүрүү боюнча чараларды көргөн.

Ормон хан тарабынан жасалган бардык чаралардын жыйындысынан кыргыз мамлекеттүүлүгү XIX кылымдын орто ченинде Ала-Тоодо айкын белгилерге ээ болгондугу айрыкча байкалат. Бул өзгөчө 1847-жылы султан Кенесары Касымовдун кол салуусунун мизин кайтарууда таасындалган. Ошол учурда Ормон хан куралдуу күрөштүн стратегиясы менен тактикасын жакшы өздөштүргөн кол башчынын теңдешсиз мыкты сапаттарын көрсөткөн.

Кенесары Касымовдун аскерлеринин талкаланышы, анын өзүнүн туткундалып, өлүмгө учурашы Россияда да, Кокондо да жактыруу менен кабыл алынган. "Ак падыша" Ормон ханды жана анын көмөктөштөрү Жантай Карабеков, дагы башкаларды алтын медалдар менен сыйлаган. Ошондой эле бүткүл кыргыздардын ханына ал мезгилде жогорку сыйлык катары саналган алтын кыймалуу чепкен тартуу кылынган. Урмат-сый көрсөтүү иретинде ал Омскидеги россиялык башкаруучуга чакырылган.