Басбөлтөк, тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''БАСБӨЛТӨК''', Байтиктин Басбөлтөгү, Бозбөлтөк – Кыргыз Ала - Тоосунун этегиндеги бөксө тоо. ..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 03:40 учурдагы нуска

БАСБӨЛТӨК, Байтиктин Басбөлтөгү, Бозбөлтөк – Кыргыз Ала - Тоосунун этегиндеги бөксө тоо. Аларча суусунун тоодон чыга беришинде Бишкек шаарынан 3 – 6 км түштүк - батышта жайгашкан. Абсалюттуу бийиктиги 950–2100 м. Түндүк жагы жазы (5 км), түштүгүнө карай кыска, бирок жантайыңкы. Үстү жайык плато, түндүк тарабы тектон жаракалар жана жарлар менен чектешет, чыгыш капталы тектирлүү. Тоонун үстүнкү кыртышы лёсстуу кумгай топурак, астын еогендин чопо, шагылташтар, [[конгломераттарынан турат. Шыбак - эфемерлүү жарым чөл (түндүк.), кылканактуу түркүн чөптүү талаа, шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү, коктуларда бадалдар өсөт. Түндүк жана чыгыш капталдарына, тектирлерге бак - дарак ( мисте, каражыгач, өрүк ж.б.) тигилген . Жайыт.


Пайдаланылган адабият    “Кыргызстан географиясы”

Интернеттик шилтемелер

БАУК ТООСУ – Молдотоонун түш. тармагы. Куртка, Көлсуу, Бооралбас, Шорг о, Аккөл- суу (Нарындын оң куймалары) сууларынын алабында кеңдик багытта ийилип жатат. Уз. 28 км, туурасы 8 км. Орт. б