Каратума, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Каратума, тоо – Алайкуу өрөөнүндөгү тоо. Түндүгүнөн Карабел ашуусу, түштүгүнөн Атжайлоо тоосу,..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 09:11 учурдагы нуска

Каратума, тоо – Алайкуу өрөөнүндөгү тоо. Түндүгүнөн Карабел ашуусу, түштүгүнөн Атжайлоо тоосу, батышынан Кичи Каратума өрөөнү, чыгышынан Чоңказык өрөөнү менен чектешет. Түндүк-батышынан түштүк-чыгышты карай 9 кмге созулат. Басымдуу бийикт. 4000 мден ашык. Тоонун дал ортосунан Каратума чокусу (4426,3 м) орун алган. Тоо палеозойдун кумдук, сланец, акиташ тектеринен турат. Рельефи асказоокалуу жана кокту-колоттуу. Капталдары өтө тик. Кырында байыркы денудациялык түздүктөр сакталган. Чокуларында чакан мөңгүлөр бар. Батышынан Кичи Каратума, түш.-чыгышынан Чоң Каратума суулары башталат. Капталынын төмөнкү бөлүгүндө бадалдуу субальп, андан жогору альп шалбаасы, нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар