Кемин, тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Кемин, тоо - Тазакемин – Иле Алатоосунун түштүк тармагы, Түн. Теңиртоодо. Кичи Кемин, Тегирменти..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 09:31 учурдагы нуска

Кемин, тоо - Тазакемин – Иле Алатоосунун түштүк тармагы, Түн. Теңиртоодо. Кичи Кемин, Тегирментисуу (Чоң Кеминдин оң куймасы) сууларынын аралыгында түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай Чүй д-на чейин 36 кмге созулуп жатат жана чыгыштан батышты карай жапыздайт. Чүй суусунун сол жээгиндеги орогафиялык уландысы – Терекжону жана Окторкой тоолору. Эң жазы жери 10 км, орт. бийиктиги 3100 м, эң бийик жери 3884 м. Негизинен протерозойдун башталышында пайда болгон гранит, гнейс-гранит, гранит пегматити жана калыңдыгы 4606 мге чейин жеткен гнейс, мигматит, сланец, кварцит, мрамор тектеринен түзүлгөн. Морфологиялык түзүлүшү боюнча жаракасы аркылуу экиге бөлүнөт: чыгышы бийик тоолуу, батышы орто бийиктиктеги тайпак тоо. Чыгышына альп рельефи мүнөздүү: тоо кырлары бийик, аска-зоокалуу, байыркы муздуктун издери кездешет.

Тегирменти суусунун башында майда мөңгүлөр бар. Тоонун батыш бөлүгү – горст; түндүк жана түштүк капталдары тектон. жаракалар менен чектелген. Кыры тайпак денудациялык түздүк. Негизги ашуулары: Кашкажол, Жолбулак, Үчбулак. Ландшафтында талаа жана шалбаалуу талаа (1600– 1800 м), бадалдуу шалбаа (2500–2600 м), субальп жана альп шалбаасы (3100–3200 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык алкактар мүнөздүү. Түн. капталынын чыгыш бөлүгүндө жана түштүк капталында (Тегирменти сайында) карагай токоюнун массивдери бар. Жайыт жана чөп чабынды катары пайдаланылат.