Кулун тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Кулун, тоо - Алайкуу өрөөнүндө. Кулун (түш.) жана Каракулжа (түндүк) өрөөндөрүн бөлүп турат. Чыгыш..."
(Айырма жок)

17 декабрь 2011, саат 10:57 учурдагы нуска

Кулун, тоо - Алайкуу өрөөнүндө. Кулун (түш.) жана Каракулжа (түндүк) өрөөндөрүн бөлүп турат. Чыгышында Фергана тоо тизмегине барып такалат, батышынан Ойтал капчыгайы менен чектешет. Узундугу 30 км, туурасы 10 км. Орт. бийикт. 3900 м, эң бийик жери 4593 м. Кыры урчуктуу, кууш, капталдары кыска, терең капчыгай жана кокту-колоттуу.

Этектерин дээрлик корум таш, шагылдар ээлейт. Палеозойдун кум, акиташ, сланец тектеринен түзүлгөн. Мөңгүлүү (айрыкча Чоңкулун ашуусунун аймагы). Күнгөй беттери каксоо, жапыз, сейрек арча токойлор өсөт. Тескей беттеринде карагай токою кездешет. Ачык жайык жерлерине субальп жана альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Жолдун татаалдыгынан табигый ландшафтына адамдын чарбачылык таасири анчалык тийген эмес.

Колдонулган адабияттар