Кыргыз Алатоо, тоо: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
12-сап:
|-
|'''Эң бийик жери:''' || 4895 м
|} Кыргыз Алатоо, тоо – Түндүк Теңиртоодогу ири кырка тоо. Ысыккөлдүн батышындагы Кызыломпол тоосунан Тараз шаарына (Казакстан) чейин кеңдик багытта созулуп жаткан ири жана татаал антиклинорий. Чүй өрөөнүн Талас, Суусамыр, Кочкор өрөөндөрүнөн бөлөт. Узундугу 454 км, эң жазы жери
Бийик тоолорго (2500 мден жогору) байыркы мөңгүлөрдүн издери жана азыркы мөңгүлөр, цирктер, төрлөр, тепши түрүндөгү капчыгайлар, аскалуу зоолор, орто бийиктиктеги тоолорго (2000–3000 м) кенен капчыгайлар, кууш кырлар, жапыз тоолорго тегизделген денудациялык жондор, шиленди толгон таманы кенен өрөөндөр мүнөздүү. Чыгыш бөлүгүндө чакан тектон. өрөөндөр (Желаргы, Окторкой, Көкжарсуу ж. б.) кездешет. Адырлары кокту-колоттуу, жондору жайык чоң дарыя өрөөндөрү менен айрым бөлтөктөргө бөлүнүп турат. Кыргыз Алатоосутоосу – геол. түзүлүшү боюнча мегантиклиналь. Тектон. жаракалар аркылуу түндүгүндө Чүй мегасинклиналынан, түштүгүндө Талас, Суусамыр жана Кочкор өрөөндөрүнүн синклиналдык түзүлүштөрүнөн бөлүнүп турат. Эң байыркы (кембрийге чейинки) метаморфизмделген кристаллдуу сланец, кварцит, гнейс тоо тектери Кыргыз Алатоосу тоосунун фундаментин түзүп жатат. Анын үстүндө бурчтук келишпестик менен каледондун синклиналдык структуралык кабатынын жанартоо жана чөкмө тоо тектерден турган калың катмарлары орун алган. Эпикаледондун структуралык кабаты (девон-пермдин) порфирит-туф жана чөкмө, көбүнчө кызыл түстүү, континенттик жана континенттикдеңиз формацияларынан турат. Кембрийге чейинки жана төмөнкү палеозойдо пайда болгон гранитоид интрузиялары кеңири тараган; айрым жерде габброиддер кезигет. Палеозойдун аягында пайда болгон сиенит менен гранит-сиениттер кыйла кичирээк массивдерди түзөт. Тоонун түндүк жагында кайнозойдун континенттик борпоң жана түз катмарлуу чөкмөлөрү жатат. Палеогеннеогендик чөкмөлөр тоо этегиндеги адырлар тилкесин түзөт. Кыргыз Алатоосунун чегинде узак убакыт бою коргошун рудасы казылып алынган (Борду кени), азыркы учурда карапалык сырьё (Аксуу кени), кооз таш (Кызыломпол кени) кендеринин ө. ж-лык мааниси бар. Алардан башка күкүрт колчеданын (Ачыкташ кени), таш туздун (Желдисуу кени) жана табигый курулуш материалдарынын кендери, о. эле полиметалл, жез кендери белгилүү.
|