Жусуп Баласагын: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: преобразование ISBN
No edit summary
1-сап:
'''Жусуп Баласагын''' (Баласагуни), Жусуп Хасс Хажип - 11-кылымда жашаган ойчул, окумуштуу, мамлекеттик ишмер. Ал жалпы түрк калктарынын, анын ичинде кыргыздардын бабасы болуп саналат.
 
Болжол менен 1015-1018-жылдардын ортосунда Чүй боорундагы Баласагун (Баласагын) шаарында туулган. 1070-жылдан кийин өлгөн, бирок качан өлгөнү так эмес.
 
"Кутадгу билиг" - "Кут билими (же Куттуу бийлик)" аттуу дидиактикалык-философиялык дастанын 1069-1070-жылы Кашкар шаарында жазып бүткөн.
 
- - - -
 
 
([[Арапча]]: '''يوسف خاصّ حاجب''' ''Йусуф Хâс Хажиб)<p>
Мекендешибиз Жусуп Баласагын ким болгон?<p>
Line 13 ⟶ 7:
Бир өзүнө татыктуу урмат кылуу<p>
'''Жусуп Баласагын'''.<p>
 
Орто кылым мезгили чыгыш элдери үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул мезгил ар кандай элдин ар кыл маданияты, руханий мурастары өз ара тогошкон кез болуп, [[Аль-Кинди|аль-Кинди]], аль-Фараби, [[Авиценна|Ибн Сина]], Бируни, [[Аверроэс|Ибн Рушд]] сыяктуу улуу ойчулдар, философтор жана таланты менен дүйнөнү тамшандырган Фирдауси, Рудаки, Омар Хаям, Алишер Наваи, Жусуп Баласагын өңдүү алп акындардын баалуу эмгектери жазылган мезгил. Ошондой эле орто кылымда күн чыгышта табигый илимдер да өтө өнүгүп, жалпы маданияттын деңгээли ошол мезгилдеги батышка салыштырмалуу алда качан жогору турган. Атап айтсак аль-Ферганинин “Астрономиянын башталмасы”, аль-Хорезминин “Астрономиялык таблицалар” аттуу чыгармалары жана жогоруда аты аталган окумуштуу, философтордун табият таануу тармагында жазган эмгектери орто кылымдагы күн чыгыш элдеринин гүлдөп өнүккөн маданиятынан жар салып кабар берет. Айрыкча Ибн Синанын “Медицина канондору” деген көп томдуу эмгеги бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготпостон медицина жаатында жалпы адамзат үчүн шам чырак болуп келет.
Күн чыгыш Ренессансы арап, перс жана түрк элдеринин орток мурасы деп билүүбүз зарыл. Ошондуктан атактуу улуу ойчул, окумуштуу инсандарды тигил же бул эл менен гана байланыштырып, аларга таандык катары кароо жаңылыштык. Ырас, тарыхый шарт-кырдаалдарга жараша көпчүлүк эмгектер арап тилинде жазылган. Бирок перс жана түрк тилдеринде жазылган мазмуну жагынан энциклопедиялык эмгектер да жок эмес.