Чагылган: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.6.4) (робот кошту: ru:Молния
No edit summary
12-сап:

==2-баскыч==
[[File:Raio.gif|thumb|240px|right|Талаалардын разряддалышы]]Биринчи баскычта электрдик талаа критикалык абалга жеткенде, алгач абадагы бош жүргөн электрондор тарабынан [[иондоштуруу]] башталат, б.а. электрдик талаанын таасири менен алар оң заряддалган талааны (жерди) көздөй өтө чоң ылдамдык менен учуп жөнөйт да жолундагы абанын атомдорун иондоштуруп журуп отурат. Башкача айтканда, электрондук агым сызыктуу электрдик разряддарды – [[стример]]ди, өткөрүмдүүлүгү чоң болгон термоиондошкон жаркыраган каналды пайда кылат. Андан соң ал канал менен чагылгандын «лидер» деп аталган негизги удары өтөт. Лидер чагылгандын узундугу 50-100 км ге чейин болуп, ылдамдыгы ~ 108 м/сек га чейин жетет. Ушундай зор ылдамдыкта диаметри 2-3 см (диаметри 5-6 метрдик таажысын, б.а. ядронун айланасындагы электризацияланган аймактын диаметрин эске албаганда) болгон иондошкон аба катмарынын каналы аркылуу өткөнү менен [[температура]]сы 25 000 -30 000° Цельсийге ([[Күн]]дүн бетиндеги температурадан 5 эсе жогору) жетет. Чагылган өтө чоң [[жаркыроо]]лор менен коштолот. Ошону менен бирге кубаттуу [[ультрафиолет]] жана [[рентгендик нурлануу]] кубулушу да жүрөт. Окумуштуулардын эсептөөлөрүнө карганда, чагылгандын энергиялык жаркыроосу [[Ай]]дан да көрүүгө боло турганчалык күчтүү болот.

Бирок, «сызыктуу» болгону менен биз чагылгандын изин бир калыпта түз сызыктуу болбогонун билебиз. Бул эмнеден келип чыгат? «Баскычтуу лидер» деген термин бул кубулушту белгилөө үчүн колдонулат. Мында ар бир баскыч – бул жарыктын ылдамдыгына барабар ылдамдыкта кыймылга келген электрондор абанын малекуласына урунган жерге чейинки аралык болуп эсептелет. Мында разраяддын траекториясы өзгөрөт. Ошентип, чагылганда канчалык абанын малекуласына кагылышса, ошончолук багытын өзгөртүп кете берет.

20-сап:

==Чагылгандын издери==
[[File:350px-Lightning damage to tree in Makeevka Ukraine 2008 2.jpg|Маевкадагы чагылган тийген дарак. Украина 2008]]Жалгыз бактын чагылгандын бутасы болуу мүмкүнчүлүгү жогору, бирок, айрым токойлордо дээрлик ар бир экинчи даракта чагылгандын койгон белгиси болот. Чагылган башкаларга караганда эмен багына көп түшөт. Анын себеби, бактын составындагы [[электр каршылыгы]] көп болгон заттардан улам болору изилденген. Даракка тийген чагылгандын жолу электрдик каршылыгы аз болгон багытта болот да, андан бөлүнүп чыккан жылуулуктун өтө көп өлчөмүнөн улам суулар бууга айланып, дарактардын сөңгөктөрүн жарып чыгат. Дарак кургак болсо ошол замат өрттөнүп кетет.

[[File:Lightnings sequence 2 animation.gif|left|thumb|317 px|Тулузанын үсүндөгү булуттар аралык чагылган, Франция. 2006-жыл]]
Жалгыз бактын чагылгандын бутасы болуу мүмкүнчүлүгү жогору, бирок, айрым токойлордо дээрлик ар бир экинчи даракта чагылгандын койгон белгиси болот. Чагылган башкаларга караганда эмен багына көп түшөт. Анын себеби, бактын составындагы [[электр каршылыгы]] көп болгон заттардан улам болору изилденген. Даракка тийген чагылгандын жолу электрдик каршылыгы аз болгон багытта болот да, андан бөлүнүп чыккан жылуулуктун өтө көп өлчөмүнөн улам суулар бууга айланып, дарактардын сөңгөктөрүн жарып чыгат. Дарак кургак болсо ошол замат өрттөнүп кетет.

Көпчүлүк учурда бийик дарактар, составында сууну камтыгандыктан, чагылгандарды «тартып» алат да, жерге терең кирген тамырлары менен табигый өткөргүчтүн (громотвод) кызматын аткарып калат.

==Шар түрүндөгү чагылган жана анын ксиеттерикасиеттери==
[[File:9.jpg|300px|thumb|right|Шар түрүндөгү чагылган]]Бул чагылган түрүнүн чыгышынын 200дөй теориясы каралган. [[Шар түрүндөгү чагылган]] кадимки сызыктуу чагылгандын натыйжасында пайда болгон, чектелген интенсивдүү жарык көбүгү – [[плазма]] десе болот. Шар түрүндөгү чагылгандын абада пайда болушу үчүн күчтүү газдык разрядды жаратуучу [[электрдик талаа]] болушу шарт. Анын ичинде жарыктандыруучу өтө чоң температура болушу мүмкүн. Себеби, газ бир нече миң градус Кельвин температурада гана плазма түрүнө келет да жаркыроону пайда кылат.

[[Шар түрүндөгү чагылган]] негизинен жаан-чачындуу, булуттуу аба ырайында, кээде күн тийип турган учурда да пайда боло берет. Ал көбүнчө өткөрүүчүлөрдөн же булуттун арасынан «суурулуп чыгат». Шар түрүндө болуп, диаметри 12-25 см ден 1 м ге чейин болот. Жерден бир метр бийиктикте горизонталдуу багытта 0,5-1 м/с ылдамдык менен учуп жүрөт. Кичинекей көзөнөктөрдөн, жылчыкчалардан өтүп кетүү же тоскоолдуктарды айланып өтүү касиетине ээ.

Шар түрүндөгү чагылган дале болсо табигаттын табышмактуу кубулуштарынын бири болуп келе жатат. Окумуштуулар ага мүнөздүү болгон айрым өзгөчөлүктөрдү түшүндүрүү менен гана чектелип келет. Шар түрүндөгү чагылган интенсивдүү [[электромагниттик нурлануу]]нун булагы болуп эсептелет. Жогорку жыштыктагы электромагниттик нурланууну пайда кылган чагылгандар радиотехниканы, телефондорду жана трансформаторлорду иштен чыгарса, төмөнкү жыштыктагылары адамдын психикасына таасир этип, башын оорутуп, коркууну жаратып, галлюцинацияны пайда кылат.

Line 35 ⟶ 34:
Чагылганга туш болгон адам токко тартылгандай эле патологиялык өзгөрүүлөргө дуушар болот. Эсинен танып, колу буту карышып, оор болсо дем алуусу жана жүрөгү токтоп калышы байкалат. Денеде токтун белгиси - «кирип чыккан» жерлери кызарып так болуп калат. Ал – чагылган тийген жердеги капиллярлардын кеңейип кетишинин натыйжасы. Чагылган тийгенде биринчи медициналык жардам өтө тез көрсөтүлүүсү керек. Абал оор болсо (дем алуусу же жүрөгү токтоп калган болсо) реанимация кылуу керек. Окуянын күбөсү алгачкы 10-15 мүнөт ичинде жардам көргөзбөсө, реанимация да жардам бербей калат.

==Чагылган менен кездешүү тууралуу кызыктуу маалыматтар==
[[File:Lightnings sequence 2 animation.gif|left|thumb|Чагылган түшкөн дарак|Тулузанын үстүндөгү булуттар аралык чагылган, Франция. 2006-жыл]]Чагылгандын «каардуу» мүнөзүнөн башка табышмактуу сырлары көп. Алсак, кандайдыр бир адамга болгон ашыкча «арзуусу» менен да таң калтырып келет. 1950-жылы «Фейд» журналында төмөндөгүдөй баян жарык көргөн. Бир адам 1899-жылы [[Торонто]] шаарында ([[Италия]]) өз короосунан чагылган тийип өлөт. Туура 30 жыл өткөндөн кийин так эле ошол жерден ал адамдын баласы чагылгандын курмандыгы болот. А 1949-жылдын 8-октябрында чагылгандык кезектеги сапары биринчи адамдын небереси, экинчисинин баласына туш келет. «Ата жолун жолдогон» ал адам да чагылгандан ажал табат.

Ошол эле журналда майор Саммерфорддун тарыхы жазылган. Ал 1918-жылы чагылган тийип, аттан учуп түшүп, денесинин ылдыйкы бөлүгү кыймылдабай калган. Майыптыгынан улам армиядан кетип, [[Ванкувер]]ге барат. 1924-жылы чагылгандын дагы бир сокуусуна туш болот да, бу жолу денесинин оң жагы кыймылдабай калат. Эки жылда майор жакшы болуп, акырындап тиричиликке кошула баштайт. Бирок, 1930-жылы «ашык болгон» чагылган аны издеп таап үчүнчү жолу «кездешүүгө чыгат». Бул жолкусунда аны толук кыймылдан алат. Эки жылдан кийин каза болгон майордун тарыхында бул окуялар таң каларлык кокустук катары кала берет эле. Бирок... 1934-жылы Ванкувердеги көрүстөнгө чагылган түшөт. Байкуш майор «ашыгынан» өлгөндө да кутула албаган. Чагылгандын соккусу Саммерворддун мүрзөсүнө тийип, аны талкалап кеткен.

Ал эми [[Япония]]да тоого чыккан жаш натуралисттер катуу жаанда калып, коопсуздук үчүн альпинисттердей арканга тизилип алышкан. Ошол маалда аларга чагылган тийген. Эң кызыгы, бир арканда тизиле жетелешкен балдардын биринчи, үчүнчү, бешинчиси чагылгандын курмандыгы болгон. Калган жуп катарда тургандарга эч кандай зыян келген эмес.

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Чагылган" булагынан алынды