Бaрселонa (футбол клубу): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
40-сап:
 
 
Барселона Испания жогорку лигасынан (La Liga) түшпөгөн үч клубдан бири, ошондой эле Реал Мадрид экөө Испаниянын эң ийгиликтүү эки клубу. 1928-жылы курулган лиганын 1929-жылдагы тунгуч чемпиону. 2012-жылга чейин Испанияда жыйырма бир жолку Ла лига, жыйырма беш жолку Испания кубогу, он жолку Испания супер кубогу, торттөрт жолку Ева Дуарте кубогу жана эки жолку Лига кубогу чемпиону. Он бир Европа жана төрт эларалык кубоктордун жеңүүчүсү. 4 жолу Чемпиондор лигасын утуп алган. 1955-жылдан бери УЕФА аренасында бет алышып келет.
 
Клуб 2009-жылы, катышкан бардык 6 турнирди тең жеңип алган тунгуч клуб. Чемпиондор лигасы, УЕФА супер кубогу, Ла лига, Испания кубогу, Испания супер кубогу жана ФИФА дүйнө клубдары кубогуна ээ болду. Клубдун стадиону Камп Ноу жана күйөрмандары "кулес" (Culés) деп аталат, дагы бир аты "ултрас барсас". Испаниянын өкмөт башчысы Хосе Луис Родригез Запатера да Барселона күйөрманы.