Туман: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
10-сап:
[[File:Wallpapers-3d-nature-008.jpg|300px|thumb|right|Токойдогу коюу туман]]Эсептөөлөргө караганда, тумандагы суунун көлөмү, болжолу, 0,3 г/м3 болот. А өтө коюу туманда бул көрсөткүч 1 г/м3 га чейин жетет. Албетте, бул көрсөткүч арзыбагандай көрүнөт. Бирок, аянты 5 км2 болгон жердеги бийиктиги 10 метр келген туманды алып карасак, эсептөөлөрдөн олуттуу сан чыгат. Мында тумандын жалпы аянты 5х107 м3болуп калат. Андагы суунун тыгыздыгы 0,1 г/м3 болгондо, абада 5х103 литр суу учуп жүргөн болот. Бул көлөмдөгү суу аталган жерди сугарууга жетет.

==Тумандын пайда болуу шарттары==
[[File:Grt.jpg|150px|thumb|left|Суунун бууланышы (схема)]][[File:What-is-evaporation.jpg|300px|thumb|right|Буулануу поцесси]]Негизинен, тумандын пайда болушуна карата экиге бөлүп карашат: буулануудан пайда болгон туман жана абадагы суу буусу муздаганынан улам пайда болгон туман. Биринчиси, жылуу температурадагы суудан же нымдуу беттерден бууланып, муздак аба менен аралашуудан улам конденсацияланып, натыйжада туманды пайда кылат. Экинчиси, ошол эле абада болгон суу буусунун муздак бетке (суунун бети, жердин, кардын бети) тийүүсүнөн улам муздап, суу тамчыларына айланып, туманды жаратат. Бирок, шарттуу түрдө ушул эки жол менен пайда болот дегенибиз менен, натыйжасы бирдей эле: эки учурда тең абадагы суу буусу конденсация кубулушунан улам өтө майда тамчыларга айланат.

== Окумуштуулар тумандын пайда болуу шарттарын негизинен бешке бөлүшөт. ==

[[File:1294910480 2.jpg|300px|thumb|right|Жол тыгынын пайда кылат...]]

# Күндүз, кандайдыр бир көлмөнүн, дарыянын, дегеле, суунун бети жакшы жылыйт. Кечинде суунун үстүндөгү аба сууга караганда бат муздап, температурасы төмөн болуп калат. Абадагы суу буусу жана ага кошумча жылуу суудан чыккан буу өйдө көтөрүлөт. Температуранын муздашы менен буу конденсацияланып, таңкы туман пайда болот. Бирок, таңкы туман туруксуз болот да, күн чыгары менен тарап кетет.

# Шамал муздак аба массасын кургактыктан температурасы салыштырмалуу жогору болгон суу үстүнө айдап келет. Мына ошол жерден жылуу температурага ээ болгон суунун бетинен буулануу процесси жүрөт да, кайрадан конденсация кубулушу жүрүп, туманды пайда кылат.

20-сап:
# Күн баткандан кийин жер бетине жакын жайгашкан аба бат муздай баштайт. Мында кечки туман пайда болот. Мындай кубулуштар табигаттын кучагында, талаада, токой жээктеринде көп байкалат.

==Тумандын түсү==
[[File:6ea0f960c490 1221154372 1-2.jpg|300px|thumb|right|Дубай шаарынан бир көрүнүш]]Туман өтө айырмаланган өзгөчө түскө ээ эмес. Чынында, боз, агыш-көк, ак-саргыч түстө болот. Табигый таза жерлерде, мисалы, токойлордо, ачык талааларда, көлдөрдө, деңиздерде тумандын түсү агыш-көк түстө болот. Мындай туманды түзгөн өтө майда тамчылардын негизин суу бууларынын молекулалары түзгөндүктөн, көлөмү боюнча майдараак болот да, кыска толкундуу түстөрдү көбүрөөк чагылдырат. Ошондуктан, сейрек туман агыш-көк түстө болот. Ал эми шаарда конденсациялык ядросунда абадагы түтүн, ыш же чаң бөлүкчөлөрү басымдуулук кылган, салыштырмалуу чоңураак көлөмгө ээ болгон өтө майда тамчылар көзүбүз кабыл алган түстөрдү толук, текши чагылдырат да, агыш же боз түстө болот. Атүгүл, кээде киргилт болуп, саргыч түстө болот.

==Тумандын түрлөрү==
[[File:05fog.JPG|300px|thumb|right|Аэропорт]]Туманды окумуштуулар ар кандай өзгөчөлүктөрүнө жараша бир нече топко бөлүп карашат. Мисалы, сейрек туман, фронталдык туман, кургак туман.
32-сап:
* Ал эми эшиктен келип жылуу үйгө киргенде, көз айнек бозоруп көрүнбөй калат. Мында да абадагы суу буусу муздак айнекке тийгенде конденсацияланып, ал жерде абдан майда тамчыларды пайда кылат да, көз айнектин айнегин жаап калат.

* Буулануу процесси суу бетинде эле эмес, нымдуулукту сиңирген ар кыл заттын бетинде деле жүрө берет. Башкача айтканда, катуу беттерде, мисалы, кардын бетинде, жерде же музда да бууланат.

[[File:Tuman7.png|1150px|thumb|Бээжин, өзгөрмөлүү аба ырайы]]==Колдонулган адабияттар:==
Мезенцев В. Энциклопедия Чудес. - Фрунзе,1990

Зверев А. С. Туманы и их предсказание Л., 1954

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Туман" булагынан алынды