"Барсбек каган" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

м
no edit summary
м
'''Барсбек''' – кыргыздардын 8-кылымдын башындагы даңазалуу каганы.

==Кыскача өмүр таржымакалы==

VII к. аягында – VIII к. башталышында кыргыздардын ЭнесайдагыЭне-Сайдагы мамлекети коңшуларын олуттуу эсептешүүгө мажбурлаган. Анын башында Барсбек каган турган.

==Барсбек тууралуу маалымат==

Түрк каганаты доорундагы кыргыздардын каганы Барсбек тууралуу китептерде, макалаларда окшош ойлор жазылып келет. Айрымдар, анын доору менен "кыргыздардын жылдыздарга жеткен сааты" деп аталган Кыргыз каганатынын доорун чаташтырып жүрүшөт. Чындыгында, Кыргыз каганаты 840-жылы Барсбек өлгөндөн 129 жыл өткөн соң түптөлгөндүгү анык.

==Барсбектин доорундагы окуялар==

Түрк каганаты доорунда жазылган Орхон-Енисей жазууларында Барсбек тууралуу маалыматтар бар. Анда Барсбек Түрк каганаты экиге: Батыш жана Чыгыш каганаттарына бөлүнгөн соң, андагы Чыгыш Түрк каганатынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүп, кыргыздарды жетектеген тарыхый инсан болгондугу айтылат. Ал кезде кыргыздар Барсбектин жетекчилигинде Чыгыш Түрк каганатына каршы түргөштөр, кытайлар менен биримдик түзүшкөн. Муну баамдаган Чыгыш Түрк каганы Капаган кыска мөөнөттүн ичинде Көгмен (Саян) тоолорун ашып түшүп, Барсбектин ордосуна кол салган.

==711-жылкы окуя==

Жогоруда баяндалган кол салуу 711-жылы болгон. Бул тууралуу Орхон-Енисей өрөөнүнөн табылган ташка чегилген жазууда төмөндөгүдөй баяндалат: "Атыбызды жөө жетелеп, тоонун кырына чыктык... Токой каптаган чоку аркылуу аштык. Эбегейсиз кыйынчылык менен кайра төмөн түшүп, кыргыздарды чочутуп албас үчүн, көчкүлөрдү айланып өтүп, тоо этектеп жүрүп отурдук..."
Ушул окуяга чейин, кыргыздарды Түрк каганаттарына баш ийдириш үчүн, түрктөр Барсбекти өздөрүнө ийгерүүнүн амалын издешкен. Натыйжада Култегиндин карындашын Барсбекке зайыптыкка беришкен. Ташка чегилген жазууда мындай делет: "Барсбек эле, каган атын мында биз бердик, ага сиңдими (карындашымы) зайыптыкка бердим. өзү жаңылды... Каганы өлдү, эли күң менен кул болду. Сүңгүштүк, найзалаштык эли менен".

==Чыгыш Түрк каганаты жана кыргыздар==

Орхон-Енисей жазууларындагы Тонүкүккө арналган эстелик жазууда: "Табгачтын каганы, он ок (түргөштөр) каганы биздин душманыбыз болгон. Баарыдан өткөн душманыбыз кыргыздын күчтүү каганы болгон", - деген маалымат кездешет. Барсбек кыргыздарды сайдан, кырдан жана тоону байырлаган аймактардан чогултуп, эл кылып, ошол элдин өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн.

==Барсбектин өлүмү==

711-жылы Чыгыш Түрк каганаты кыргыздарга күтүүсүздөн кол салып, Сунга токоюндагы кызыл кыргында Барсбек курман болгон. Анын сөөгүн кыргыз салты боюнча урмат-сый менен коюуга мүмкүн болгон эмес. Ошентип, кыргыздар Экинчи Чыгыш Түрк каганаты кулаганга (745-ж.) чейин азаттыгынан кол жууп, букаралыкта жашап калышкан.

==Барсбектин кыргыз тарыхында ээлеген орду==

Барсбек орто кылымда Енисейди жердеген кыргыздардын башын бириктирип, алдуу-күчтүү, эркин мамлекет курууну көздөгөн. Борбордук Азия аймагын камтыган, азыркы кыргыздар мекендеген чөлкөм Батыш Түрк каганатына, ал эми ата-бабаларыбыз байырлаган чөлкөм Чыгыш Түрк каганатына карап турган кезде Барсбек Түрк каганатына каршы саясатын жигердүү жүргүзгөн. Барсбектин эли ал кезде бодун деп аталган, бул алардын ички биримдиги бар экендигин көрсөтүп турат.

==Эс тутум ==

Кыргызстандын Ош шаарында 2011-жылы Барсбекке эстелик курулган.

Азыркы тапта Кыргызстанда Барсбек ысымдары балдарга арбын коюла баштады.

==Адабият тизмеси==

* Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.

* Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010.

* Кара уулу Ө. Көөнө түрктөр тарыхы: (Студенттер үчүн дарстар) /Жооптуу редактор Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Учкун, 1994. – 64.б.

* Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии Отв. ред. Т.К.Чоротегин. – 2-е, исправленное изд. – Бишкек, 1995. – 232 с., илл., карты.

* Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.

* Бейше Урстанбеков Б.У., Тынчтыкбек Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе,: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2288 бет. Жалпы көлөмү(История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь).288 бетсо-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым).
– (ISBN 5-89750-028-2)

* Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (VII к. башы — XVIII к. аягы): Экинчи бөлүк: Орто мектептин 7-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 128 б.

==Интернеттеги шилтемелер ==

http://www.shookum.kg/2008-zhyl/57/962-barsbek-kyrgyz-kagany.html |Roza Abdykulova

[[Category:Тарых]]
[[Category:Персоналия]]

[[Category:Кыргыз таануу]]

[[Category:Энесай Кыргыз каганаты]]
[[Category:Инсандар]]

[[Category:Тумар8-2011кылым]]
[[Category:Ички Азия]]
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Баатырлар]]
[[Category:Мамлекет башчылары]]