Ата - Журттун азаматтары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''"Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулу чагылганга!"'''''(Жолон Мамытов)'' == Сейитб..."
 
No edit summary
2-сап:
Айлансын ар бир уулу чагылганга!"'''''(Жолон Мамытов)''
== Сейитбек Идирисов ==
[[File:сейитбек.jpg|thumb|right]]
Ала-Тоого азаттыктын таңы атканы, кыргыз коомчулугунда позитивдүү да, негативдүү да жагдайлар пайда болду. Позитивдүү жагы - элибиз өзүнүн улуттук баалуулуктарына ээ болуп, дүйнө элдеринин арасында улут катары таасын жүзүн көрсөтө баштады. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган "21-кылымдын кадрлары" программасынын алкагында таланттуу жаштарга атайын жолдомо берилип, чет өлкөлөрдө билим алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мына ошол чет жерден билим, тажрыйба алып келген жаштар өлкөдөгү башаламандыкты жөнгө салууда маанилүү ролду ойношту. Ал эми негативдүү жагы - социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн айынан карапайым калктын кабыргасы кайышып, турмуш шарты өтө начарлап кетти. өлкөдө жумушсуздуктун айынан ички жана сырткы миграция күчөп, кылмыштуулуктун саны кескин өсүп, билим берүүнүн сапаты түшүп кетти, айрым жоопкерчиликсиз жетекчилер менен адилетсиз бийликтин камчысын чапкан шылуундар өлкөдөгү кырдаалды ого бетер курчутуп, кыйчалыш мезгилде карапайым калктын канын соруп киришти. Элдин бакубат жашоодон үмүтү үзүлүп бараткансыды...
Ушундай кыйчалыш кырдаалда, өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө кандайдыр бир деңгээлде салым кошуу максатында, "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду түзүлгөн эле. Мындай өткөөл мезгилде эибиз эч бир саясий жана материалдык кызыкчылыкты көздөбөй, Ата-Журт үчүн каруусун казык, канын азык кыла турган уул-кыздарга муктаж эле.
27-сап:
 
== Бактыбек Жекшенов - коомдук ишмер: ==
[[File:бактыбек.jpg|thumb|right]]
- Жыл өткөн сайын өлкөбүздүн экономикасында, маданиятында жана бүтүндөй саясий-социалдык чөйрөсүндө эбегейсиз интеллектуалдык, илимий дараметке ээ жаштарыбыздын демилгеси маанилүү ролду ойноп бара жатат. Бүгүн коомубузда болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөрдүн чордонунда дал ушул жаштар турат. Учурда көп сандаган жаштар уюмдары, кыймылдары пайда болуп, ар кандай мүнөздөгү жана багыттагы иштерди алпарышууда. Бирок, "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду куру кыйкырык менен алектенген, донорлордун камчысын чапкан көп сандаган уюмдардан айырмаланып турарын айтып кетким келет. 2000-жылы түптөлгөн күндөн тартып эле "Ыйык Ата журт" коомдук жаштар фонду конкреттүү иш-чаралар менен алектенип, бул аракеттер өз жемишин берүүдө.
Учурда мамлекеттик жаштар саясатын ийгиликтүү иш жүзүнө ашырууда, жаш жарандарды инсан катары калыптандырып, өз мекенине кызмат кылган чыныгы уул-кыздарды тарбиялоодо жаштардын коомдук уюмдары активдүү позицияны ээлеши зарыл. Бул багытта "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондунун бай иш тажрыйбасы, кылган кызматы башкалар үчүн мыкты үлгү боло алат деп эсептейм.
 
== Сулайман Рысбаев - педагогика илимдеринин доктору: ==
[[File:сулайман.jpg|thumb|right]]
- "Улутубуздун оор шарттарына карабай, мезгилинен мурда жетилип, улуулар жасай турган ишти тайсалдабай аткарып келаткан жаштарыбыз барбы?"; - десе, мен дал ушул "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондун жетектеген жигиттерди айтар элем.
Бүгүнкү кыйын кырдаалда жашап жаткан Кыргызстанда аты-жөнү белгисиз коомдор өтө эле көп го. Алардын жасап жаткан иштерин да эл билбейт. Кантип жашап жатканы да белгисиз. Бирок, элдин ишенимине кирип, жалпы кыргыз жаштарынын колдоосуна ээ болуп, таанылып бараткан бул фонд өз ишин татыктуу, өз деңгээлинде жүргүзүп жатканына кубанам.
Line 36 ⟶ 38:
 
== Алтынбек Сулайманов - жеке ишкер: ==
[[File:алтынбек.jpg|thumb|right]]
- Таман акы, маңдай тери менен өнүп-өөрчүгөн асылзаттарды көп кылымдык мөмөлүү даракка окшоштурса болот. Эгер мөмө канчалык даамдуу жана ширелүү болсо, анын өтүмдүүлүгү да ошончолук артып, уругу узун элдин учуна жетери айдан ачык. Атүгүл, ал мөмө тек гана азык-түлүккө муктаж пенделердин кара курсагын кампайтпастан, алардын рухий көрөңгөсүн дагы толуктайт. Ал эми болочокто элди мөмөгө карк кылчу дарактын көчөтүн таап, аны "мите курттарга" жедирбей өстүрүү тажрыйбалуу багбанчынын эмгеги менен билимин талап кылат. Ушул өңүттөн алганда, мен эч тайсалдабай туруп, "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондун жалпы журт муктаж болгон керектүү көчөттөрдү өстүрүүчү "багбанчылар" бирикмеси же уюму дээр элем. Анткени, алар отургузган тандамал жаш көчөттөр келечекте ширелүү мөмө берерине көзүм жетет. Айрыкча көчөт өстүрүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүп алган ушул фонддун "багбанчыларына" суктанам. Демек, кыргыз калкынын тандаган жолу таштак эмес, даңгыр, улан-кыздары жалтак эмес, алгыр болоруна толук ишенем.
Ошондуктан, жаш көчөттөрдү "мите курттан" коргоп, маалында азыктандырып туруу - жалгыз гана "багбанчылардын" эмес, жалпыбыздын милдет-парзыбыз деп эсептейм.