Демокрит: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
7-сап:
Атомдор жаратылышынан кыймылга ээ жана ал кыймыл атомдордун оз ара кагылышуулары аркылуу пайда болот. Кыймыл өнүгүүнүн негизги булагы катарында чыгат. Демокрит алгачкы (түпкыймыл) кыймыл, биринчи түрткү эч качан болгон эмес, анткени кыймыл атомдордун жашоо ыгы дейт. <br />
Ал Левкипптин жолун жолдоп, ага чейинки философтор айтышкандай эч нерсе жоктон бар болбойт жана себепсиз эч нерсе пайда да болбойт деп эсептеген. Бардык болуп жаткандар ырааттуу зарылдык боюнча болуп турат. Баардыгы атомдордун механикалык кыймылы аркылуу детерминдештирилген. Диоген Лаэртский жазгандай, Демокритте «бардык нерсе детерминдештирилген: ар бир пайда болгон нерсенин себеби — куюн, бул куюнду ал зарылдык деп атайт». Демокрит үчүн кокустук деген жок нерсе, бардык нерсенин өз себеби бар, демек алар кокустук боло албайт. А түгүл бирине бири байланышпаган эки катардагы окуялардын кокустан дал келип кесилишип калышы сыяктуу көрүнүштөрдү да Демокрит зарылдык деп таап, бул окуяга көрүнүштөрдүн себептик тутуму алып келген дейт. Мына ошентип, Демокрит өзүнүн механикалык кыймылды кыймылдын бирден бир формасы деп тааныгандыгынан улам келип чыгуучу ырааттуу детерминизм позициясында турат. <br />
[[Файл:Coypel Democritus.jpg|thumb|200px|left|Демокрит, [[Куапель, Антуан|Антуан Куапель]], 1692 год. ([[Лувр]], [[Париж]])]]
== Сезим таанымы ==
Демокрит сезим таанымына чоң маани берген. Сезим органдары тарабынан тышкы предметтердин кабылданышын түшүндүрүү үчүн ал агылуу теориясын көтөрүп чыгат. Бул теория боюнча предметтерден ушул предметтерге окшош образдар агылып чыгат. Алар көзгө урунганда предмет жөнүндө элес пайда болот. Сезим таанымы, Демокриттин пикири боюнча, анык тааным болуп саналбайт. Сезим аркылуу келе турган таанымды ал «караңгы» тааным деп атайт, ал чыныгы тааным эмес. Таанымдын чыныгы формасы — ой жүгүртүүнүн жардамы менен жетишиле турган тааным. <br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Демокрит" булагынан алынды