түзөтүүнүн түшүндүрмөсү жок
(Created page with "'''РЕВОЛЮЦИЯ''' (латын- revolutio – төңкөрүш) – жаратылыш, коом же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын ...") |
No edit summary |
||
[[Category: Тарых]]
[[Category: Илим ]]
'''Революция''' (лат. revolutio–бурулуш, төңкөрүш, кубулуу, кайрылуу) – коомдо же аң-сезимде (билүү, таануу) түп-тамырынан, терең, радикалдуу жаңылануу, сапат жагынан өзгөрүү; жаратылыштын өнүгүүсүндөгү секирик. Өз нугу менен жай өнүккөн [[эволюция]] жана коомдук баскычтын толук эмес системасын камтыган [[реформа]]дан айырмаланып, революцияда тез, түп-тамырынан бери өзгөрүү жүрөт. Илимий термин катары алгач 1543-ж. Н. Коперниктин «Асман сфераларынын айланышы жөнүндө» («De revolutionibus orbium coelestium») деген эмгегинде, саясий мааниде 1660-ж. [[Англия]]дагы монархияны кайра калыбына келтирүү үчүн антимонархиялык кыймылды басууда колдонулган. Саясат таанууда социалдык жана саясий болуп бөлүнүп, социалдык Революцияда бир социалдык-экономикалык түзүлүш экинчисине; саясий Революцияда саясий режим алмашылат. Марксизмдин теориясы боюнча феодализмден [[капитализм]]ге өтүүдө (мисалы, 16-кылымдагы Нидерланды, 17-кылымдагы Англия, 18-кылымдын аягындагы Улуу француз, 1848–49-ж. Европадагы ж. б.) Революциялар буржуазиялык; капитализмден [[социализм]]ге өткөн (1917-жылдагы Улуу Октябрь револяциясы, [[Кытай]]дагы 1911-ж. Синьхай ж. б.) Революциялар социалисттик болуп эсептелет. Азыркы учурда чөйрөсүнө жараша геологиялык Революция (жаратылышта), экономикалык мааниде – неолит Революциясы, өнөр-жай Революциясы, маданий Революция, демографиялык Революция; саясатта – социалдык Революция, саясий Революция (коомдук); физика, биология, медицина, космология, ж. б. техника жаатында «илимий Революция»; ошондой эле «илимий-техникалык Революция» (илимде) сыяктуу түшүнүктөр да Революция деген термин менен белгиленет.
|