Google (компания): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
Wikipedia эркин энциклопедиясынан
Бул бүтө элек макала. Учурда которулуп жана толукталып жатат.--[[Колдонуучу:Chorobek|Chorobek]] ([[Колдонуучунун баарлашуулары:Chorobek|talk]]) 08:05, 24 июнь 2012 (UTC)
----
 
77-сап:
Ушул мезгилде Гугл ПейжРанк (PageRank ) катары баяндалган механизмге патент алууга жетишет. Патент расмий түрдө Стэнфорд университетине берилип ойлоп табуучу катары Лауренс Пейж көргөзүлгөн. 2003 жылы Гугл тез өнүгүү алдында кеңсесин Кремний өрөөнүнөн көчүрүп Калифорниядагы Маунтейн Вйю, Амфитеатр Парквей 1600 дарегиндеги кеңселер топтомуна көчүрөт. Ошондон бери бул кеңселер топтому "Googleplex" катары белгилүү. "Googleplex"-дин ички жасалгасы архитектор Клайв Вилкинсон тарабынан иштелип чыккан. Үч жылдан кийин Гугл SGI-дан имаратты $319 млн. менчикке сатып алган. By that time, the name "Google" had found its way into everyday language, causing the verb "google" to be added to the Merriam Webster Collegiate Dictionary and the Oxford English Dictionary, denoted as "to use the Google search engine to obtain information on the Internet."[141][143]
 
== Сатып алуулар жана шериктештиктер ==
 
[144]
2001 ж. бери Google көптөгөн компанияларды сатып алышкан жана негизинен майда тобокелчилдик капитал (ventury capital) компанияларды көңүл бурган. 2004 ж. Google "Keyhole, Inc" сатып алган. Бул жаңы баштаган компания Жердин үч өлчөмдүү элесин берген "Earth Viewer" (Жерди Байкоо) деп аталган өндүрүмдү чыгарган. Google бул кызматтын атын 2005 ж. Google Жер деп өзгөрткөн. Эки жылдан кийин Google YouTube онлайн видеоконушун $1.65 млн. сатып алган. 2007 ж. 13 Чын Куранында Google DoubleClick менен аларды $3.1 миллиардка сатып алуу тууралу макулдашууга жетишкен жана муну менен Google DoubleClick чогулткан жарнама берүүчүлөрдүн жана агенттиктердин баалуу кызматташтык мамилерине ээ болгон. Ошол эле жылы бир аз кийинчерээк Google GrandCentral компанииясын 50 млн. долларга сатып алган. Бул желеконуштун аты кийин Google Voice деп өзгөртүлөт. 2009 ж. 5 Баш Оонасында өзүнүн алгачкы ачык компаниясын - видео софт жасаган On2 Technologies компаниясын $106.5 млн.го сатып алган. Ошондой эле Google "Aardvark", социалдык желелерде издөө системасын $50 млн.го сатып алган жана өзүнүн ички блогунда "биз кай жерде кызматташуу таба алаарыбызды издейбиз" деп коментарийлеген. 2010 ж. Чын Куранында Google "Agnilux" жабдуу өндүрүүчү башталгыч компанияны сатып алган.