Акын: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
5-сап:
Кыргыз акындарынын чыгармачылыгын, өмүр жолун, коомдук социалдык абалын эң биринчи болуп кеңири масштабда изилдеген Тазабек Саманчин акындардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнө карай төрт түргө бөлөт:
 
# Нускоочу акындар. Окумуштуунун аныктамасы боюнча мындай акындардын чыгармалары идеялык мааниси жагынан тереңдиги менен айырмаланат. Алардын поэзиясында өзү жашаган доордун тарыхый соц. коомдук өзгөчөлүктөрү ачык-айкын сүрөттөлөт, жашоо турмуштагы карама-каршылыктар, конфликттүү кырдаалдар жаап-жашырылбай ачык түрдө баяндалат, ушунун баары акыл-насаат, агартуучул үгүт-насыят менен коштолуп отурат. Т. Саманчин нускоочу акындардын катарына Калыгул, [[Арстанбек Бойлош уулу|Арстанбек]], Солтонбай, [[Токтогул Сатылганов|Токтогул]], [[Тоголок Молдо]], Кылычты киргизет.
 
# Жамакчы акындар. Т. Саманчиндин мүнөздөмөсү боюнча булар да көркөм сөз өнөр искусствосунун үлгүлөрүн жараткан ак таңдай акындар. Булардын чыгармачылыгы көбүнчө күндөлүк жашоо-турмушка, маселен, аш-тойдо, ар түркүн окуяларга багытталгандыктан, алардын поэзиясында социалдык-коомдук проблемалар нускоочу акындардыкына караганда тайызыраак сүрөттөлөт. Жамакчы акындардын алдыңкылары, Т. Саманчиндин классификациясы боюнча: Найманбай, Калмырза, Эшманбет, Бекназар.
# Жомокчулар акындардын мындай тобуна Тыныбек, Балык, Чоюке, Сагынбай, Саякбайды киргизет. Т. Саманчин булар жөнүндө төмөнкүдөй жазат: «Булар да негизинен жамак сөздүн устат чеберлерине жатат. Жомокчулардын акындыгы нускоочу, жамакчы акындардан кем түшпөйт. Бирок булар «Манас», «Семетей» өңдүү баатырдык чоң жомокторду айтууну кесип кылып, бул жомоктордон четке чыгышпайт. Бул жомоктордун чоңдугу, көркөмдүүлүгү, андагы акыл сөздөрдүн байлыгы аларды четке чыгууга да чамасын келтирбейт. Бардык күчтөрүн ошол жомоктордун көркөмдүүлүгүн арттырууга жумшайт». Бул сөздөр автор тарабынан «Кыргыз адабиятынын очерктери» (1943-ж.) деген коллективдүү эмгекте биринчи жолу жарыяланган. Кыргыз адабият илими, кыргыз фольклористикасы жаңыдан гана калыптанып жаткан учурда акындарга берилген классификацияда кандайдыр бир мүчүлүштөрдүн кетиши толук ыктымал болчу.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Акын" булагынан алынды