Арноо, арноо ырлары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Арноо, арноо ырлары – жеке бирөөгө же окуяга арналган чыгарма. Кыргыз адабиятынын тарыхында Ар..."
(Айырма жок)

26 июнь 2012, саат 10:51 учурдагы нуска

Арноо, арноо ырлары – жеке бирөөгө же окуяга арналган чыгарма. Кыргыз адабиятынын тарыхында Арноо мүнөзүндөгү чыгармалар арбын кездешет. Мисалы, Токтогулдун “Бүркүтчү Мамыр жөнүндө”, “Айчеке балбан жүнүндө”, А. Токомбаевдин “Талант-тын жылдызы” (Пушкин), “Алишер Навои” сыяктуу ырларын көрсөтүүгө болот. М. Абылкасымованын “Эстелик сүйлөйт” поэмасы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналат. Арноо ырлары элдин коомдук абалы, максат-мүдөөсү менен тыгыз байланыштуу. Төңкөрүшкө чейинки оозеки адабиятта эл ичинен чыккан атактуу манаптарга, баатырларга, сулууларга, күлүк аттарга арналган ырлар көп болсо, совет мезгилинде өкмөткө, коммунисттик партияга, Ленинге арналган ырлар арбын жазылган, алардын көбүндө жеке адамды ашкере көкөлөтүү, эпсиз мактоо орун алган. Эгемендүүлүк жылдарында тарыхый инсандарга, эл депутаттарына, ишкерлерге арналган чыгармалар жазылып жарык көрдү.


Колдонулган дабияттар.

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004