Тарых: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.3) (робот өзгөрттү: ps:پېښليک
No edit summary
1-сап:
'''Тарых'''
# адамзат-Адамзат коомунун өткөн жолун изилдөөчү илим. Коом тарыхы Жер, жаратылыш тарыхынын бир бөлүгү жана уландысы. Коомдун тарыхы жер жүзүндө адамдын пайда болушунан башталат.<br />
# коом-Коом менен жаратылыштагы өнүгүүнүн ар кандай жүрүмү.<br />
 
'''Тарых''' (грекче ''Ιστορία'', «изилдөө», арапча “та’рих” – “сыпаттап айтуу”) – адамзаттын ишмердигин, акыбалын, көз карашын, коомдук алакаларын жана уюмдарын, руханий, чарбалык, социалдык-саясий өнүгүүсүн тээ өтмүштөн бери иликтеген гуманитардык билим тармагы. Адамзат тарыхын изилдөөчүлөр (тарыхчылар) заттык жана руханий булактарга ([[Археологиялык изилдөө|археологиялык]], [[Этнография|этнографиялык]], жазма, сүрөт, видео, үн, ж.б.) таянышат.
 
Тарыхты терең иликтөө аркылуу адамзаттын өнүгүү баскычтары, багыттары, цивилизациялык жетишкендиктери, жалпы адамзаттын өнүгүүсү үчүн тигил же бул этностун же инсандын салымдары, адамзат тарыхындагы бурулуш учурга жетелеген окуялар, кайгылуу, алааматтуу жана жеңиштүү, ийгиликтүү учурлар, өткөндүн оң жана терс сабактары таразаланат.
11-сап:
Тарыхты иликтөөнүн да ар кыл усулдары бар.
 
Тарыхый жазма булактарды иликтөө – [[Булак таануу|булак таануу]] менен байланыштуу.
 
[[Археологиялык изилдөө|Археологиялык]] эстеликтерди жана жайларды иликтөө менен [[археология]] илим тармагы алектенет.
 
Тарыхты изилдегендердин ар кыл мектебин, ар тарыхчынын тарыхый саамалыктарын, өзгөчөлүктөрүн, жетишкендигин жана кемчилигин иликтөө – [[тарых|тарыхнаама]] илимий тармагы аркылуу жүргүзүлөт.
 
Тарыхты илимий иликтөө тарыхый факттаргадалилдерге гана таянат, ушул жагынан ал тарыхый окуяларды пенде катары айтып берүүдөн, өз жоромолун бир беткей таңуулап сунуштоодон кескин айырмаланат.
 
== Адабият тизмеси ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тарых" булагынан алынды