Чыныгы социализм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Чыныгы социализм''' (Истинный социализм) – 19-кылымдын 40-жылдарында негизинен [[Германияда]] кеңири жайылган майда буржуазиялык социализмдин [[формаларынын]] бири. Чыныгы социализм дин идеялык уюткусу болуп 1942-жылы «Философиялык коммунизм» деген аталыш менен пайда болгон, Фейербахтын, Гегелдин философиясынын начар иштелип чыккан жактарын жана утопиялык социализмдин айрым жоболорун бириктирген, бирок, [[саясий]] ишмердүүлүктүн жана демократия үчүн күрөшүүнүн зарылдыгын баса белгилеген окуу эсептелет (Гесс, Люнинг, Бернайс, Грюн). 1844-жылдагы Силездеги көтөрүлүштөн кийин «философиялык коммунизм». Чыныгы социализмге айланып, анын башкы өкүлдөрү болуп Гесс, Грюн, Земмиг, Криг эсептелген.
 
Чыныгы социализм «философиялык коммунизмдин» эклектицизмин мурастап алган, моралга негизделген социализм тууралуу окууну иштеп чыккан, социализмдин экономикалык жана саясий негизин четке каккан, баардык таптардын ортосундагы ынтымакка чакырган, жумушчулардын майда өндүрүшчүлөргө айлануусун талап кылган, күрөштүн революциялык каражатына каршы чыккан, ашынган улутчулдукту жактаган. Чыныгы социализм майда буржуазиялык маңызга ээ болгондуктан,