Ылаачын: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
31-сап:
Ылаачындын чоңдугу ителгиден кем эмес. Алардын өңдөрү кара чаар, кызыл чаар, көк чаар болот. Ылаачындын алкым жүндөрү ак болот. Баш жүндөрү кара. Кара "муруту" бар. Денесинин узундугу 34-50 см, канатынын чабыты - 80-120 см. <ref>''White, C. M.'' (1994): 60. Peregine Falcon. In: del Hoyo, J.; Elliott, A. & Sargatal, J. (editors): Handbook of Birds of the World, Volume 2 (New World Vultures to Guineafowl): 274—275, plate 28. Lynx Edicions, Barcelona. ISBN 84-87334-15-6</ref>. Башка куштардай эле ылаачындын ургаачылары эркектеринен чоңураак келип, 910 -1500 г. салмакта болушат. Эркектеринин салмагы 440-750 г. <ref name="Snow1998">''Snow, D. W.''; ''Perrins, Christopher M.''; ''Doherty, P.'' & ''Cramp, S.'' (1998): The complete birds of the western Palaearctic on CD-ROM. Oxford University Press. ISBN 0-19-268579-1</ref>
Ылаачын Антарктидан башка баардык континеттерде таралган. Болумуна жана түспөлүнө жараша 17 түрчөсү бөлүп таанылат.
 
[[File:Peregrine Falcon profile shot.jpg|right|225px|thumb|Ылаачындын башы]]
 
Ылаачын ителгиден да учкул. Ителги алгандын баарын алат. Дүйнөдөгү эң ылдам канаттуу, дегин эле, эң ылдам жандык. Адистердин баалосунда ылаачын шукшурулуп тепкенде ылдамдыгы 322 км/с же 90 метр/сек. <ref name="Grzimek">''Bernard Grzimek'' Grzimek’s Animal Life Encyclopedia. Boston, MA: Macmillan, 1968: 422</ref><ref> [http://www.fws.gov/species/species_accounts/bio_pere.html Peregrine falcon, (Falco peregrinus anatum, Falco peregrinus tundrius, Falco peregrinus pealei)] </ref> чейин жетет. Бирок, сызып учуу ылдамдыгы боюнча карлыгачка жете албайт - 120-180 км/с.<ref>{{ref-en}} [http://www.commonswift.org/records_english.html The Common Swift: Records and Phenomena]</ref>.
[[File:Peregrine Falcon profile shot.jpg|rightleft|225px|thumb|Ылаачындын башы]] <br/>
[[Файл:Ылаачындын шаңшыганы.ogg|left|225px|thumb|Ылаачындын шаңшыганы]]
 
Мүнүшкөрлөр [[ителги]] сыяктуу эле ылаачынга да томого катып салышат. Эгер [[томого|томогосу]] жок болсо, алса-албаса да, жетсе-жетпесе да, алыс-жакынына карабай, көзүнө көрүнгөнгө жулуна берип, мүнүшкөрдү убара кылат. Аңды көргөндө асманга атып чыгып, кайра тик ылдый сайылып, бүттарын бүгүп, денесине кысып келип тебет. Тепкендеги күүсү ушунчалык катуу болгондуктан чоң эле чымчыктардын башы үзүлүп кетет. <br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ылаачын" булагынан алынды