Биологиялык ритмдер: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Биологиялык ритмдер''' (биоритм) — организмдин түрдүү функцияларынын циклдүү өзгөрүшү. Биолог..." |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Биологиялык ритмдер''' (биоритм) — организмдин түрдүү функцияларынын циклдүү өзгөрүшү. Биологиялык ритмдер айлана-чөйрөнүн циклдүү өзгөргөн факторлоруна ыңгайланууда мааниси чоң. Жер шарынын Күндү айлануусу, Жердин өз огунда айлануусу, Айдын Жерди айланып жүрүшү айлана-чөйрөдө жарыкты, температураны, нымдуулукту, электр жана магнит талааларынын чыңалуусун өзгөртөт. Чөйрөнүн циклдүү өзгөрүшүнө жараша абалын өзгөрткөн организмдер гана жашап кетет. Мисалы, көпчүлүк жаныбарлар кыш түшөрү менен анын жагымсыз таасиринен качып чээнге кирет. Эгерде кай бир себептерден чээнге кирбей калган же чээнден ойгонгон аюу, демейде жазга жетпей өлөт. Кеч күздө гүлдөгөн алма да куурап калат.
Биологиялык ритмдердин айлана чөйрөнүн өзгөрүүсүнө туура келбестиги жаныбар менен өсүмдүктү өлүмгө дуушарлантат. Биологиялык ритмдердин кайталанып турушу термелүү системасы деп аталып, анын толук циклди аткарып кайра баштапкы абалына келгенге кеткен убакыты ритмдин мезгили, бул системанын белгилүү учурдагы абалы фазасы делет. Убакыт бирдигиндеги циклдердин санын — ритмдин жыштыгы, термелүүнүн аралыгы амплитуда аталат. Биологиялык ритмдер организмдин == Биоритм организмдерде==
Биологиялык ритмдер бардык тирүү организмдерде болуп турат. Термелүү мезгили секунданын кандайдыр бир үлүшүнөн жарым саатка чейин созулган жогорку жыштыктагы биологиялык ритмдер белгилүү: мисалы, мээ, жүрөк, булчуң жана башка органдардын биоэлектр кубулуштары. Алар атайын аппараттар менен катталып, диагностика максатында пайдаланылат. Бул топтогу биологиялык ритмдерге дем алуу ритми, пульс да кирет. Орто жыштыктагы [[Биология|биология]]лык ритмдердин мезгили жарым сааттан 20—28 саатка созулат.
Суткага жакын (циркаддуу) биологиялык ритмдерге, мисалы, ачка болууга байланыштуу тамактануу режими, кишинин сутка ичиндеги же жумуш сменасынын убактысында ишке жөндөмдүүлүгүнүн өзгөрүүлөрү жана башка кирет. Сейрек кайталануучу биологиялык ритмдер жума, ай, сезондук, жылдык, көп жылдык жана башка болот: мисалы, айга жакын ритмге этек кир цикли; сезондук биологиялык ритмдерге [[Гипертония|гипертония]] оорусунун күчөшү; бир жылга жакын жана көп жылдык биологиялык ритмдерге балдардын өсүп чоңоюшу туура келет. Биологиялык ритмдердин ичинен суткалык ритмдер кеңири изилденген. Кишинин организминин 300чө физиологиялык функцияларынын сутка ичинде өзгөрүүсү аныкталган. Мисалы, түнкүсүн кишинин температурасы өтө төмөн, таң атарда жогорулап, түштөн кийин максимумга жетет. == Кишинин суткалык биоритми ==
Дене температурасы андагы
Суткалык биологиялык ритмдерде кишинин ишке жөндөмдүүлүгү да өзгөрүлүп турат. Эртең менен, түштө ал жогору, түнкүсүн төмөндөйт. Түнкү сменада (саат 1ден Зкө чейин) иштегенде кырсыкка учуроо жана өндүрүштөгү каталар көбөйөт. Бирок бардык кишилердин ишке жөндөмдүүлүгү бирдей болбойт. Кээ бири түшкө чейин, кээси кечинде жакшы иштейт. Мезгил-мезгили менен түнкүсүн иштегенден көрө дайыма түнкү сменада болуунун зыяны азыраак. Эгер күндүзгү жана түнкү сменаны алмаштырып иштесе, биологиялык ритмдер бузулат (десинхроноз<ref>{{URL|http://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%94%D0%B5%D1%81%D0%B8%D0%BD%D1%85%D1%80%D0%BE%D0%BD%D0%BE%D0%B7|Джетлаг}}</ref>). Натыйжада сменасы өзгөрүлүп турган жумушчулар карын жана он эки эли ичегинин жара оорусу, невроздор, гипертония оорусуна көбүрөөк чалдыгат. Түнкү сменада иштегенден кийин күндүзгү эс алууга шарт түзүп, аны түнкү эс алууга жакындатуу зарыл. Бөлмөнү караңгылап тынч жатса, киши кадимкидей эс алып уктайт.
Десинхроноз космонавттарда да кездешет, себеби алар күндүн чыгышын 24 сааттын ичинде 20 жолу тозот. Ошондуктан жасалма шартта космонавтка даярдоо кезинде эски көнгөн ритмдерин бузуп, эмгек менен эс алуунун жаңы режимин көндүрөт. Десинхроноз континенттер же болбосо бир нече убакыт алкактарынын аралыгында учканда болот. Кишиге убактылуу убакыт алкагынын өзгөрүүсүнө оңой көнүү үчүн бир нече жөнөкөй эрежелер бар. Эгерде башка убакыт алкагында жашоо көп мөөнөткө узабаса, эмгек менен эс алуу режимин дайыма жашаган жердегидей сактоо зарыл. Жаңы жерде көп күчтү талап кылуучу кызмат болсо, 3 —10 күн мурда же акырындык менен эмгек жана эс алуу режимин жаңы убакыттын алкагына ыңгайлантып түзүү сунуш кылынат. 30 жашка чейинки кишилер убактылуу жаңы убакыт алкагына оңой жана бат көнөт.
Суткалык ритмдердин десинхронозу тигил же бул оорунун алгачкы белгиси да болот. Организмдин функциялары бир-бирине айкалышпай калганда кээ бир кишилерде кан тамырлардын тонусу өзгөрүлүп, артериялык кан басым жогорулап же төмөндөп, гипертония оорусу же гипотония башталышы мүмкүн. Кээ биринде карын зили тиешелүү убакытта чыкпай, карын капталына таасир этип, карындын жара оорусуна алып келиши мүмкүн.
==Кишинин жумалык биоритми==
Кишиде жумалык ритм — тарыхый калыптанган адат. Байыркы
Көпчүлүк физиологиялык процесстер үчүн мезгилдүү биологиялык ритмдер аныкталган, мисалы, төрөт март — май айларында көп, ноябрь — февралда аз болот. Мезгилдүү өзгөрүүлөр көп оорулардын (карын менен он эки эли ичегинин жара оорусу,
==Шилтемелер==
<references/>
==Колдонулган адабияттар==
|