Дерматология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Дерматология''' — медицинанын тери жана анын оорулары жөнүндөгү бөлүгү. Д. теринин функциясын,..."
(Айырма жок)

21 июль 2012, саат 05:56 учурдагы нуска

Дерматология — медицинанын тери жана анын оорулары жөнүндөгү бөлүгү. Д. теринин функциясын, түзүлүшүн, тери ооруларынын организмдин түрдүү патологиялык абалына байланышын изилдейт, түрдүү тери ооруларынын себебин түшүндүрүп, анын диагностикасын, дарылоо жана алдын алуусун иштеп чыгат. Д. венерология, жугуштуу оорулар, аллергология, эндокринология, хирургия, гинекология, невропатология жана башка менен тыгыз байланыштуу. Тери оорулары б. заманда эле белгилүү болгон. 19-к-дан бактериологиянын өсүшүнө байланыштуу Д-да оорунун этиологиясын үйрөнүү башталган. 20-к-да аллергология, иммунология, химия, биология, биохимия, микробиология илимдеринин жетишкендиктери Д-нын өсүшүнө шарт түздү.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8