Дем алуу: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
1-сап:
[[File:Diaphragmatic breathing.gif|thumb|right|300 px|Диафрагма. Адамдын ич көңдөйү менен дем алуу түрү]]
'''Дем алуу''' — организмдин айлана чөйрөдөн [[кычкылтек|кычкылтекти]] алып, аны кычкылдануу процессине пайдалануу жана организмден көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруучу процесстердин жыйындысы. Бул процессте организмдин тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Бир клеткалууларда жана жөнөкөй түзүлүштүү организмдерде Д. а. дененин үстүңкү бети аркылуу өтөт. Татаал түзүлүштүү [[Жаныбарлар|жаныбарларда]] жана кишиде сырткы Д. а. атайын дем алуу органдары, ткандык Д. а. кан аркылуу жүрөт. Кишиде сырткы Д. а.
өпкө аркылуу гана ишке ашат. Организм кабыл алган кычкылтектин 1 — 1,5%
Өпкөгө келген кычкылтек өпкө капиллярындагы канга, андан эритроцитке өтөт. Эритроциттеги гемоглобин кычкылтек менен кошулуп, оксигемоглобинди пайда кылат. Мунун натыйжасында эритроциттеги кычкылтек азайып, кычкылтектин жаңы молекуласынын келишине шарт түзөт. Ошентип кан өпкө капилляры аркылуу өтүп жаткан мезгилде эритроциттер кычкылтекти өзүнө тартып алып, канда кычкылтектин концентрациясы жогорулайт. Өпкөдө, башкача айтканда кычкылтек концентрациясы жогору жерде оксигемоглобин пайда болот. Ал эми кычкылтек концентрациясы төмөн ткандарда оксигемоглобин ажырап, бошогон кычкылтек ткандарга сиңет. Борбордук нерв системасындагы Д. а. борбору Д. а-нун ылдамдыгын, тереңдигин башкарат. Сырткы Д. а-ну организмдин талабына ыңгайлаштырат. Сырткы Д. а-нун натыйжалуулугу көп учурда кишинин кемтигине байланыштуу (бүкчүйүп жүргөндөрдө аз). Атайын машыгуунун, мисалы, дем алдыргыч гимнастика же башңа көнүгүүлөрдүн жардамы менен Д. а-нун натыйжалуулугун жогорулатууга болот.
Line 6 ⟶ 7:
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
==Шилтемелер==
<references/>
[[Категория:Ден-соолук]]
|