Жүрөк кемтиги: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жүрөк кемтиги''' — жүрөк ишин бузуп жүрөктүн жана андан чыккан [[Кан-тамырлар|кан тамы..."
 
No edit summary
6-сап:
Жүрөктүн тубаса кемтиктери түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде жүрөк жана ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан келип чыгат. Тубаса [[Жүрөк]] кемтигинде капкакчалардын кемтигинен башка, дүлөйчөлөр жана карынчалардын ортосундагы капталдарда тешик болот. Анда кандын бир бөлүгү жүрөктүн сол жагынан оң жагына өтүп, [[Вена|вена]] каны менен аралашып, кайра өпкөгө кетет же өпкөгө барбай эле жүрөктүн сол карынчасына, андан толтого барат. Натыйжада ткандарды кычкылтек менен камсыз кылуу бузулуп, жүрөккө күч келет.
Тубаса кемтиктин белгилери (жүрөк шуулдашы, көгөрүү жана башка) бала төрөлгөндөн кийин тез эле байкалат. Оорунун жүрүшү кемтиктин мүнөзүнө жараша ар кандай болот (айрым учурда өмүргө коркунучтуу болсо, кээде улгайганга чейин оорулуу даттанбайт). Тубаса Жүрөк кемтиги менен жабыркагандар начар өсүп, эмгекке жарамдуулугу, ооруга туруктуулугу төмөн болуп, жугуштуу жана башка оорулар менен көп ооруйт.
[[Жүрөк]] кемтигин врач дарылайт.
[[Жүрөк]]File:Массаж кемтигинжасоо.png|thumb|right|Жүрөккө врачкыйыр дарылайт.массаж жасоо техникасы.]]Дарылоо анын түрүнө Жараша жүргүзүлөт жана жүрөктүн ишин жакшыртууга, кан айлануунун бузулушун кайра калыбына келтирүүгө багытталат. Ал үчүн оорулууга ылайыктуу эс алуу жана эмгек режими түзүлөт. Дайыма өзүн контролдоо өтө маанилүү: энтигүү, жүрөктүн тез кагышын пайда кылуучу кыймылдан жана капа болуудан сактануу зарыл. Компенсацияланган [[Жүрөк]] кемтигинде да өтө чарчоо (оор кара жумуш, [[Спорт|спорт]] менен ашыкча машыгуу, мелдештерге катышуу, пляжда болуу, уктабай калуу, тоого чыгуу жана башка) оорулуунун абалын начарлатып, декомпенсацияга алып келет. Декомпенсация мезгилинде, кан айлануу бузулган учурда оорулууну төшөккө жаткыруу, дем алууну жакшыртуу үчүн баш жагын өөдө көтөрүү, оорулуу жаткан бөлмөнү дайыма желдетүү сунуш кылынат. Диетаны сактоо, дайыма белгилүү бир убакта өлчөмү менен мүнөздөп тамактануу зарыл. Түнкүсүн тамактануу болбойт (уктаганга чейин 3—4 саат мурда тамак ичүү керек). Тузду аз пайдалануу сунуш кылынат, себеби туз организмде суюктуктун топтолушуна түрткү берет. Ошондой эле ак шишик басып кетпес үчүн суюктукту аз ичүү керек. Сүт азыктары, жемиш (өзгөчө абрикос, шабдалы) пайдалуу. Керек учурда [[Жүрөк]] кемтигинин декомпенсациясында атайын диета сунуш кылынат.
Декомпенсация болгондо врач системалуу түрдө дары каражаттарын сунуш кылып, дайыма көзөмөлгө алат. Ал үчүн жүрөк булчуңунун жыйрылуусун жакшыртуучу, организмде айлануучу суюктукту азайтуучу заара айдама дарылар колдонулат. Врачтын сунуш кылган дарыларын өз алдынча ичпей коюу же өлчөмүн өзгөртүүдөн дарылоо натыйжасыз болуп, ооруну кабылдатат. Кардиологиялык санаторийлерде дарылоо компенсацияланган Жүрөк кемтигинде негизинен жергиликтүү климаттык курорттордо, ошондой эле ысык эмес жай мезгилинде Кисловодск, Кавказдын Кара деңиз жээгинде дарыланууга болот. Медицинанын азыркы эң ири жетишкендиктери тубаса жана кийинки пайда болгон Жүрөк кемтигин операция жасоо менен дарылоо болуп эсептелет. Жүрөк кемтиги менен жабыркагандардын баарына эле операция туура келе бербейт. Ошондуктан оорулууга тиешелүү дарылоону, операция керектигин адис-врач гана айта алат. Оорулуу операциядан кийин сунуш кылынган эмгек, эс алуу, тамактануу, дарылоо режимин так аткаруусу зарыл. Жүрөк кемтигин хирургиялык жол менен дарылоодо жетишкендиктери үчүн советтик алдыңкы хирургдарга (А. Н. Бакулев, П. А. Куприянов, Б. В. Петровский жана башка) Лениндик сыйлык ыйгарылган.
Жүрөк кемтигин алдын алуу көп учурда Жүрөк кемтигине алып келүүчү ревматизм жана башка ооруларды алдын алуу менен туура келет. Боюнда бар аялдын ден соолугун коргоо (жугуштуу осрулар менен жолуктурбоо, алкоголь ичимдиктерди ичпөө, тамеки тартпоо, өз алдынча ар кайсы дарыларды колдонбоо) тубаса Жүрөк кемтигин алдын алууда чоң мааниге ээ. Жүрөк кемтиги барларды жүрөк ишинин декомпенсациясына, ревматизмдин күчөшүнө жеткирбөө чараларын көрүү зарыл. Ал үчүн диспансерлөө жүргүзүлөт. Толук эс алуу, жакшы уктоо, дем алыш күндөрү таза абада сейилдөө керек. Тамеки тартууга, ичимдик ичүүгө тыюу салынат. [[Жүрөк]] кемтиги менен жабыркаган аялдар балалуу болуш үчүн врач менен кеңешүүсү зарыл, себеби кош бойлуулук жана төрөт декомпенсацияга алып келиши мүмкүн. Кесипти туура тандоо, эмгек менен эс алууну туура сактоо жана системалуу түрдө дарылаганда [[Жүрөк]] кемтиги менен жабыркагандар кадимкидей жашап, көп жылдар бою эмгекке жарамдуулукту сактайт.
 
[[File:Массаж жасоо.png|thumb|right|Жүрөккө кыйыр массаж жасоо техникасы.]]