(Карала кийиз)- «Кыргыз кийизге туулат» (макал). «Ала кийиз, төшөк жок, Жерге жатты кайран эл» (Ысак). Түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз буюм. Алардын толук жердиги жүн болгондуктан элибизде кийиз буюмдары арбын. Бул адими буюм катары бааланат да, узак убакыт урунууга шартташкан.

Ала кийиз (карала кийиз) деген ат илгери кара жана ак койдун жүнүнөн эле түр түшүрүүнү түшүндүргөн. Уяң жүндүн баары эле боекко жакшы кириши мүмкүн эмес. Кылчыктуу, жарым кылчыктуу жүндү да боёкко абдан кандыра салып, муздак суу менен жакшылап жууп алышыбыз керек. Бирок, ал мындай караганда бир аз бозомук тартып калышы да зарыл.

Уздардын айтымында бир койдун жүнүнө (болжол менен алганда бир чоң чака суу, 200 грамм боёк туура келет). Эгер жүн малыш койдуку болсо, ага 300, 350 грамм боёкту сарптоо максатка ылайыкташат. Орточо ала кийизге он кг. кара жүн керек. Анын түрүнө бир жарым кг. жүн чыгымдалат. Оюм жашыл, кызыл, ак, сары өңдөргө тармакталып келет. Мында «уй мүйүз оюмун» чарчыланта берүүгө да болот. Ала кийизге түшүүчү көркөм оюмдардын ички дүйнөсүн өңү-түсү ачат. Мында буюмдун четтиги кара кийизден жалаң берилип, айрым чеберлер аны да «ала мончоктотот». Ала кийиздеги «ала мончоктотуу» — бул шырдак оюмундагы «араа тиш», «бычак учу», «ит куйрук», «бадам» сыяктуу негизги оюмдарды айырмалоочудай мааниге ээ көрүнүш. Анан кийиздик оюмду бере турган четтеги төрт бурчу ак-карадан «ала мончоктолот» да, кадимки кийиз оюмдары берилет. Эгер кара фонго оюм кызыл жүндөн тарамдалса, анда ал ак жүн аркылуу «жээктелет...» Мында ар бир кийиз оюму бири-биринен айырмалануу үчүн ошол «ала мончокту» (оюмдарды бөлүп туруучу көркөм белги) жүргүзүү тийиш. Кийиз ак, кара, кызыл өңдөрдөн турса, уютуу учурунда алар биринин супсундары бирине өтүп, кандайдыр кара күрөңдөнүп, кара малаланып, же кызгылттанып, боёктору кереметтенип, жаратылыштын бир нооматына келип турган таланттуу сүрөтчүлөрдүн сыйкырдуу чыгармаларындай сезимге өтө эле жагымдуу таасир келтирип турат. Буюмдун четин кара жүндөн тарап туруп, эки элидей сарыдан четин «жээк» берип, жашыл менен кызылдан түшкөн «бадам оюмунун» араларын сары өң аркылуу берүүбүз керек. Мына ушул үч өңдү ич чара айырмалата берүү менен «табак оюму», «бармак башы оюму» сыяктуу кооздуктарды текшилеп төптөштүрө берүүгө да укмуштай машыгышкан уздар бар. Минтип, кызыл-жашыл өңдү кийизчиликте колдонуу азыркы учурда жапырт салтка айланууда. Андыктан бул эки колоритти күчтүү өңгө мала сарыны данакер катары пайдалануубуз керек. Ооба, ала кийиз үчүн күрөң, мала сары, көгүш, кара өңдөр мүнөздүү болот. Анда көбүнчө «кочкор мүйүз оюмунун» төбөсүнөн «карга тырмак» чыккан оюм элементтери жаралат да, буюмдун ортолугу кадимкидей табакча сымалданып кетүүсү керек. Мунун ичинде «шырдак оюмдарынын» элементтери көбүнчө «мүйүз оюмдары» аркылуу мүнөздүү келет. Андыктан ак өңдү ала кийизде арбын пайдалануу буюмдун бетин «алачакмактатып» (чакчайтып) таштайт. Оюм уюлданып, чагаракталып, үзүл-кесилсиз берилүүсү тийиш. Ала кийиздин кооздугу — оюмду майда-майда берилүүсү менен бардык өңдөр ич ара жуурулуша аралашып, ортодон бир өңдүн чыгуусу менен ойдогудай бааланат. Ал ак да, кызыл да, күрөң да, көк да, жашыл да эмес, ортодон бир өң чыгаруубуз зарыл. Башкача айтканда көп боёктордон сүрөтчүлөрдүн пейзажын элестете алышы керек. Эгер көркөм буюмга ак, жашыл, кызыл, сары өңдөр болсо, анда көк-жашыл менен ак-кызыл менен жупташат. Мунун четине «чагырмактан», «ит куйруктан» ак-кызылдан «аламыч» түшөт да, буюм ортосунда төрт табакча үзүл - кезилсиз берилет. Фону кызыл өңдүн ичинде «кош мүйүздүн» үстүнөн «кайкалак» (мүйүздүн башка түрү) түшөт. Ал «карга тырмак» менен да айырмаланат. Минтип айтып жаткан себебибиз мыкты оймочулар жөнөкөй оюмдарды түрлөнтүп жиберүүгө өтө кылдат келишет. Так баяндаганда, «кош мүйүз оюму» «карга тырмак оюму» менен биригип, табакчаны түзсө, экинчисинде, тик берилген «ит тырмак оюму», «кош мүйүз оюму» аркылуу биригет. Ушинтип, буюмдун ортолук табакчалары ирээти менен пайда боло берет. Ал эми төрт бурч берилген бул табакчалардын эки четтеринде үч бурч (тумарча) «жарым табакча оюмун» элестетет да, ал жашыл ак түстө беттелсе, жарашыктуу көрүнөт. Мында уздар шырдак менен ала кийиз оюмдарынын негизги элементтерин бири-бирине алмак-салмак колдоно берет) Жалпы жасалга буюмдарынын ичинен көпчүлүктүн көңүлүн тегиз тартып туруучу эмоциялык ачыктыкты, тактыкты, мыйзам ченемдүүлүктү өзүнө сиңирип турат. Абалы буюмга тандалган кара жүндү тазалап алат. Аны сабап, чийге чабактап, бышыра электе эле жууйт. Мында кийиз былбырап калат. Оюм түшкөн ылдыраган кийизди кара кийиздин үстүнө жаткызып алат. Эми жаткызылган оюмдун аралары, ички кысыктары ар түрдүү жүндөр менен толтурулат. Ачык айтканда, оюмду ичинен оюм жаралат. Койдун бөтөнчө, кара койдун күзгү жүнү мыкты болот, уяң жүн бышырганда анча кирбейт. Анткени менен боёкту ырас кабыл алат. Чеберлердин чечмелөөлөрүндө майда оюмдар түшсө, ал «кыз оюм» деп аталат. Эгер кийиз бетине кезек оюмдар болсо, «чоң оюм» дейт. Буюмдардагы негизги оюмдардын (ала кийизде оюмду «түр» деп айтса да болот) араларын , ачык жана так көрсөтүү үчүн живопистик маанай берүүдө уздарда кооздукту тааный билүү касиети бар. Буюмдун четтик оюму кезек берилиши мүмкүн. Мисалы, «бадам оюмдун» четине «бычак учу» (араа тиш) түшөт. Аянттуу буюмда төрт табакча орун алат. Ал «жалпы оюм» аркылуу берилет да, негизги оюм өтө майда көрүнөт. Ар бир табакча төрт бөлүктөн турат. Анын ар биринде үч-төрттөн оюм элементи кездешет. Ал табакчаларда «бугу мүйүз оюму» да орун алат. Демек, көркөм оюмдарды мындай берүү биз үчүн илгерки энесайлык кыргыздардын буюм үлгүлөрүн элестетет. Биз анын кызыл-көк өңдөрдү беттеп, көркөм оюм берген көлөмдүрөөк буюмда өңдү ача, ич ара жупташууларын табууда уздар кол боёкту кое туруп, күрөң менен ак жүндүн өзүнүн нукура бөтөнчөлүгүн уздуктукта колдоно билишет. Айткандай, буюмдун жердигинин нукура болушу көркөм кол өнөрчүлүктүн элдик салтына коошуп турат. Демек, буюмдун өңүн жердиктин өзүнөн издөөгө болот. Кара койдун, боз койдун, кызыл койдун, күрөң койдун, көк койдун кыркылган өз жүнү эле боёктук милдетти аткарат..Натыйжада, буюмга түшкөн көркөм оюм-көчөттөрдүн өңү өтө эле ачык, ала чакмактанбай, коңур, басмырт баамдалып, таланттуу сүрөтчүнүн көп боёкторду ич ара сиңирип, сыйкырдуу кыл калеминен жаралган жаратылыштын бир кооз көрүнүшүн элестетип кетет.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996(жеткиликсиз шилтеме)