Антикоагулянттар — кан уюуу процессин басаңдатуучу жана тромбдун пайда болушуна тоскоол болуучу заттар. Антикоагулянттар түздөн-түз (кандагы тромбиндин активдүүлүгүн төмөндөтүүчү) жана кыйыр таасир этүүчү (кан уюуу процессине катышуучу протромбиндин боордо пайда болуусун бузуучу) болуп бөлүнөт. Булардын таасири 4—6 саатка созулат.
Антикоагулянттарга кирбеген кээ бир дарылар (мисалы, натрий цитраты, ацетилсалицил кислотасы, натрий салицилаты) да кан уюуну азайтат. Антикоагулянттар миокарддын инфарктын, инсультту, тромбофлебитти дарылоодо жана жүрөк, мээ, кан тамырларынын атеросклерозун алдын алууда врачтын сунушу боюнча гана колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8