Базилик - (лат. Ocimum) өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал же чала бадал. Тропик жана субтропик алкактарда 150гө жакын жапайы түрү кездешет. Мелүүн климаттуу аймакта эфир майын алуу үчүн айрым түрү өстүрүлөт. Грузия, Краснодар крайында эвгенол базилик тоют өсүмдүгү катары эгилет. Анда эфир майы, эвгенол болот. Майы менен эвгенол парфюмерия жана тамак-аш өнөржайда, ванилин препаратын чыгаруу үчүн медицинада колдонулат. Базилик катар аралыгы иштетилүүчү өсүмдүктөр сыяктуу айдалып, жер семирткичтер менен азыктандырылат. Жашыл массасы чанагы саргайып, уругу быша баштаганда жыйналат. Огород базилик негизинен КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө өстүрүлүп, тамак-ашка татымал катары кондитер өнөржайда жана ликер чыгарууда пайдаланылат.

Ocimum basilicum.

Колдонулган адабияттар түзөтүү