Балгын, тамарикс (лат. Tamarix) жылгындар уруусундагы бадал, чала бадал, майда дарак. Сабагы кыска, катуу түк менен капталган. Жалбырагы кабырчык (түрпү) сымал, майда, үстү туз чыгаруучу бездер менен капталган. Гүлү ак, кызгылт, майда, эки жыныстуу, топгүлү ичке машакка чогулуп, сеңселген чачыны пайда кылат. Желекчелеринин саны 4-5, күлгүн кызыл. Кайчылаш чаңдашат. Кутуча мөмөсүнүн узуну 1,8 мм, 3-5 кырдуу пирамидадай, учу 3 бөлүктүү, көп уруктуу. Уругу майда. Калемчелеп көбөйтүүгө болот. Кооз, туздуу жерге чыдамдуу өсүмдүк, талааны коргоодо, токой аянтын кеңейтүүдө пайдаланылат. Көп жылдык. Балдуу, ашаткыч касиетке да ээ.

Tamarix chinensis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4