Бал камыш (лат. Saccharum) - дандуулар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк.

Бал камыш.

Анын 13 түрү белгилүү. Айдама Б. к. бийиктиги 2-6 м, жалбырагы узун, жазы, сабагында 16- 18% кант бар, жоондугу (диаметри) 4-5 см, шыпыргы гүлдүү. Тропик жана субтропик өлкөлөрүндө мындан кант чыгарылат. Ал Индия, Кытай, Вест-Индия (Куба, Пуэрто-Рико), Бразилияда миңдеген га жерге өстүрүлөт. Канттан тышкары андан ром, спирт, чөбөгө алынат. Жалбырагын жана канты алынган сабагын мал сонуркап жейт. Таж. ССРинде андан шире алуу үчүн айдалып, ром жана спирт жасоодо колдонулат. Аму-Дарыянын жээгинде жапайы түрү өсөт. Америкада ж. б. өлкөлөрдө анын бир нече гибриди чыгарылган. Гектарынан 30-40 т, айрым жерде 90 т га чейин тех. сабак жыйналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.