Барщина, иштеп берүү рентасы -; феодалдык жер рентасынын бир түрү; феодалга көз каранды дыйкандын өз шайман-турманы менен феодалдын чарбасында аргасыздан бекер иштеген эмгеги.

Барщина үстөмдүк кылган шартта эмгектин өндүрүмдүүлүгү өтө төмөн болгон, өндүргүч күчтөр эң жай өнүккөн. Феодализмдин ар кайсы өнүгүү стадиясында жана ар башка өлкөдө Барщинанын өлчөмү жана экономикалык ролу ар түрдүү болгон. Крепостной дыйкан Барщина системасы боюнча феодал үчүн аптанын көпчүлүк күнүн, өзү үчүн жуманын аз күнүн иштеген. Россияда крепостной укук жоюлганда деле Барщина кала берген. Барщина крепостнойлуктун саркындысы катары Октябрь революциясынан кийин гана жоюлду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.