Бейрут (араб. بيروت‎ Bayrūt) — Ливан Республикасынын борбор шаары. Жерортолук деңиздин чыгышындагы дөңсөөлүү жаңы аймагында жайгашкан. Калкы 1,2 млн (2005). Бейрет ири порт; темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту, текстиль, тамак-аш, булгаары, металл иштетүү өнөр жайы бар. Сыртка цитрус мөмөлөрүн, алма, зайтун майын, пилла, жүн чыгарат. Мамлекеттик, америкалык, француз жана араб университеттери, музейлер бар. Б. з. ч. 18-кылымданм(башка маалымат боюнча 15-кылымдан Берит, Берута деген ат менен) Финикиянын соода борбору жана порту, эллада рим доорунда ири соода, кол өнөрчүлүк борбору катары белгилүү. 7-кылымда Араб халифатынын курамына кирген. 14-15-кылымда египеттик мамлюктардын ээлиги болгон. 1516-1918-ж. Осмон падышалыгынын курамында. 1920-43-ж. Франциянын мандат менен башкаруусуна ээ. 1943-жылдан көз каранды эмес Ливандын борбор шаары. Өлкөнүн финансы чордону. Финикия, Рим, Византия курулмаларынын, мечиттердин (Жами аль-Омари, 13-кылым; «Дворцовая», 16-к.) калдыктары сакталган. 1982-ж. Израилдин агрессиясынын натыйжасында көп жери кыйроого учураган.

Бейрут
بيروت
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Ливан

Абдель Арисс

Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген

1500-жыл б. з. ч.

Аянты

20

Калкы
Калкынын саны

1,9 млн ([[]])

Жыштыгы

18 050 адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+2

http://www.beirut.gov.lb/

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4