Бенжамин Геза Афлек-Болт англ. Ben Affleck; (1972-жылы 15-августта туулган) - америкалык актер жана режиссер. Ал эки жолу “Оскар” сыйлыгына, эки жолу “Алтын глобус” сыйлыгына, эки жолу Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына жана эки жолу киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгына татыктуу болгон. Актердун чыгармачылыгы балалык чагынан эле башталып, «Миминин саякаты» (англ. The Voyage of the Mimi, 1984, 1988) деген телевизиондук сериалга тартылган Кийинчерээк “Мас болгондор жана адашкандар” (англ. Dazed and Confused, 1993) жана Кевин Смит режиссер болгон “Эминин артынан” (англ. Chasing Amy, 1997) жана “Догма” ( англ. Dogma, 1999) тасмаларында ойногон. Бен Аффлектин жылдызы анын бала кезден чогуу өскөн досу Мэт Даймон экөө “Акылдуу Уилл Хантиң” (англ. Good Will Hunting, 1997) тасмасы үчүн “Алтын глобус” сыйлыгын жана “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты сценарий” номинациясын жеңип алгандан тарта жанган. Актер “Армагеддон” (англ. Armageddon, 1998), “Табият күчү” (англ. Forces of Nature, 1999), “Перл-Харбор” (англ. the Pearl Harbor, 2001) жана “Кезеги башка” (англ. Changing Lanes, 2002) деген тасмаларда башкы ролдорду ойногон.

Affleck (2015)

Чыгармачылык тыныгуудан кийин тартылган Тайманбас” (англ. Daredevil, 2003) жана “Жили” (англ. Gigli, 2003) тасмалары актерго ийгилик алып келген эмес. “Голивудлэнд ” (англ. Hollywoodland, 2006) тасмасындагы ролу үчүн “Алтын глобус” сыйлыгына татыктуу болгон. Анын сценарий жазуу жана режиссерлук тушоосу “Кете кой, балакай, кете кой” (англ. Gone Baby Gone, 2007), тасмасында кесилген жана тасма көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган. 2007-жылы “Шаар” (англ. The Town, 2010) тасмасыне режиссер, сценарист жана актер катары катышкан. 2012-жылы өзү режиссерлук кылган жана актер катары катышкан “Арго” (англ. Argo) тасмасы үчүн “Эң мыкты режиссер” номинациясында Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын жана“Алтын глобус” сыйлыгын алса, “Эң мыкты фильм” номинациясында “Оскар” сыйлыгына ээ болгон. 2014-жылы “Кайып болгон кыз” (англ. Gone Girl) тасмасында ойногон. 2016-жылы "Бэтмен” ( англ.Batman ) Бэтменди ойноп баштаган жана “Бухгалтер” (англ. Accountant) тасмасында роль жараткан. “Түнкү жашоо” (англ. Live by Night) тасмасында сценарист, режиссер жана актер катары катышкан.

Бен Аффлек Eastern Congo Initiative (Конго жарандарына жардам берүүчү) кайрымдуулук уюмунун түзүүчүлөрүнүн бири. Актер Демократтар партиясынын туруктуу мүчөсү. Бен Аффлек жана Мэт Даймон "Pearl Street Films" кино компаниясынын негиздөөчүлөрү. Ал өзүнүн иниси Кейси Аффлек менен “Кете кой, балакай, кете кой” (Gone Baby Gone, 2007) жана “Акылдуу Уилл Хантиң” (англ. Good Will Hunting, 1997) тасмаларында чогуу

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү