Бир казан сымалдар, калак буттуулар (лат. Pelеcaniformes) – сууда сүзүүчү куштар түркүмү. Бардык калак буттууларга 4 манжасын бириктирүүчү жаргакча мүнөздүү. Алкым баштыкчасы болот. Жүнү калың, нык, көп түрүнүн үйүрдүк көркү бар. Алардын 6 тукуму, 55 түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө 8 уялоочу, 3 келгин түрү кездешет. Деңиз жана көлмө жээктерине байырлоочу колониялуу куштар. Моногамдар, жумурткасын ургаачысы жана эркеги алмак-салмак басып чыгарып, балапандарын багып өстүрүшөт. Негизги азыгы балыктар жана башка суу жаныбарлары. ТКЭСтин Кызыл китебине 5 түрү жана 1 түрчөсү киргизилген.

Керкибаш (Scopus umbretta).

Колдонулган адабияттар түзөтүү