Брошюра (французча brochure) – чакан китепче. Эл аралык басма сөз практикасында кеңири таралган. Ал 5–48 беттен турат, жука мукабалуу, мезгилдүү эмес. Баасынын арзандыгы, окуганга жеңил жана ыңгайлуулугу менен массалык басма сөз пропагандасында кеңири колдонулат. Брошюра. алгач Реформация доорунда пайда болуп, Улуу француз революциясы мезгилинде жашыруун чыгарылып турган. Кыргызстанда коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, айыл чарба , маданий-көркөм, таалим-тарбия жана башка маселелерге арналган брошюралар чыгарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү