Вавилон туткуну - байыркы еврейлердин тарыхындагы биздин заманга чейинки 586-жылдан 539-жылы чейинки мезгил. Вавилон падышасы Навуходоносор II Иерусалимди ээлегенден кийин, еврейлердин бир бөлүгүн күч менен Вавилонияга көчүрүп, туткундар ар кайсы аймактарга чачыранды отурукташтырылган. Алар бат эле жергиликтүү элдердпн арасына сиңип кетишип, еврей диаспоралары негизинен соода жана кол өнөрчүлүк менен алектенишкен. Биздин заманга чейинки 539-жылы Вавилония перс падышасы Кир II тарабынан басып алынып, еврейлерге өз мекенине кайтууга уруксат берилгендигине карабастан, алардын көпчүлүгү кайтпай калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү