Вильгельм Конрад Рентген (нем. Wilhelm Conrad Röntgen, айтылышы: /ˈrɛntɡən, -dʒən, ˈrʌnt-/, немис тилинде айтылышы: [ˈvɪlhɛlm ˈʁœntɡən]; 1845-жылы 27-март – 1923-жылы 10-февраль) – немис инженер-механиги жана физик, Рентген 1895-жылдын 8-ноябрында толкундун узундугунун мейкиндигинде X-rays же рентген нурлары катары таанымал болгон электромагниттик радиацияны тапкан, бул жетишкендиги үчүн окумуштуу 1901-жылы физика жаатындагы "Нобель" сыйлыгына ээ болгон. Рентгендин жетишкендигинин урматына 2004-жылы Теоретикалык жана колдонмо химия жаатындагы эл аралык бирлик (англ. International Union of Pure and Applied Chemistry) 111 атомдук номурундагы радиоактивдүү жана туруктуу эмес изотоптуу элементти "рентгений" деп атаган.

Вильгельм Рентген (1901-жыл).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

1901-жылы Рентген эң биринчи физика жаатындагы "Нобель" сыйлыгына ээ болгон. Сыйлык "окумуштуунун урматына аталып калган жашоодо маанилүү болгон нурларды издеп тапканы үчүн" ыйгарылган. Рентген "Нобель" сыйлыгынын акчалай сыйакысын өзүнүн университетинин муктаждыгына жумшаган. Пьер Күри сыяктуу эле Рентген ачылышына патент алуудан баш тарткан, анткени окумуштуу бул кубулуштун жашоодогу колдонуусу менен бүткүл адамзат пайда көрсүн деген ойдо болгон.

Башка сыйлыктары: түзөтүү

  • Румфорд медалы (англ. RumfordMedal, 1896)
  • Маттеуччи медалы (англ. MatteucciMedal, 1896)
  • Эллиот Крессондун медалы (англ. ElliottCressonMedal, 1897)
  • Физика жаатындагы "Нобель" сыйлыгы (1901)
  • 2004-жылдын ноябрында Теоретикалык жана колдонмо химия жаатындагы эл аралык бирлик 111-номурундагы элементти окумуштуунун урматына "рентгений" (Rg) деп атаган. Теоретикалык жана колдонмо химия жаатындагы эл аралык бирлик элементтин аталышын 2011-жылы кабыл алган.

1907-жылы Рентген Нидерланд королдугунун искусство жана илим академиясынын чет элдик мүчөсү катары кабыл алынган.

Шилтемелер түзөтүү