Гликопротеиддер жөнөкөй белок затынан жана углеводдордон түзүлөт. Мисалы, нейтралдык Г-ге альбумин, глобулин жана кан плазмасынын фибриногени кирет. Кычкыл Г. болуп муциндер, мукоиддер эсептелинет.

Erythropoietin.

Муциндер шилекей, ашказан, ичеги маңызындагы былжыр заттардын негизин түзөт, организмде коргоо функциясын аткарат.

Мукоиддер – сөөк муундарынын, тарамыштардын, кемирчек сөөктөрүнүн жана көз алмасынын суюктук заттары.

Липопротеиддер жөнөкөй белок заттарынан жана глицериддер, фосфолипиддердин кошулмасынан турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү