Дешифровка (фран. dechiffrer – табуу, аныктоо, ачуу) - белгисиз коддолгон, жашырылган маалыматты табуу, ачуу, аныктоо үчүн белгилүү бир ыкма аркылуу, белгилүү бир жолду, методиканы колдонуу аркылуу берилген текстти изилдөө.

Текстти Дешифровкалоо учурунда колдонулган ыкма, каражат, методика ачкыч деп аталат.

Изилдөө предметине ылайык Дешифровка бир нече түргө бөлүнөт: табияттын кубулуштарынын Дешифровкасы; нота, картографиялык документтердин, жашыруун маалыматтын, согуштук сырлардын Дешифровкасы; лингвистикалык Дешифровка же кээде муну прикладдык лингвистикалык Дешифровка деп да аташат. Бул байыркы тексттерди изилдөө менен, алар кайсы жазуу аркылуу берилген, кайсы тилде жазылган, кандай маалымат берилген деген сымал кабарлардын ачылышына мүмкүнчүлүк түзөт. Дешифровканын жардамы менен Египет жазмасы, байыркы перс, аккад, шумер шынаа жазуулары, Орхон-Енисей жазуулары ачылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4