Динофит балырлары (Dinophyta) - абдан өзгөчөлөнгөн, көбүнчө бир клеткалуу балырлар. Алардын эң мүнөздүү белгиси - клеткаларынын дорсовентралдык түзүлүштө болушу. Көптөгөн өкүлдөрүнүн клеткаларынын түзүлүшүндө жон, курсак жана каптал бөлүктөр байкалат, ошондой эле алдыңкы жана арткы бөлүктөрү болот. Клеткаларда атайын «жолдордун» болушу - динофиталардын экинчи өзгөчө белгиси. «Жолдор» узунунан жана туурасынан эки түрдүү (же бир узуну гана болот) жайланышкан.

Ceratium furca.

Түзүлүшү жана функциясы боюнча эки кыл шапалакчалардын болушу -монаддык динофиттердин үчүнчү өзгөчө белгиси. Буларга амеба сыяктуу, коккоиддик, пальмеллоиддик жана жип түрүндөгү түрлөр киришип, өсүмдүктөрдүн да, жаныбарлардын да белгилерин алып жүрүшөт.

Катуу чел кабык менен капталган көпчүлүк клеткаларда күрөң, боз, саргыч, кызгылт түстөгү хроматофорлор жайгашат. Хроматофорлор хлорофилл менен катар бозкүрөң пигмент-пирофиллди кармайт. Азыктанышы автотрофтук, кээде сапротрофтук, кээде аралаш болот. Ассимиляциянын азык заты крахмал жана май, азыраак лейкозин, волютиндер.

Көбөйүү негизинен вегетативдик (клеткалардын кыймыл учурундагы узунунан бөлүнүшү менен). Жыныссыз көбөйүү (автоспора, зооспоралар) сейрек учурайт. Айрым өкүлдөрдө изогамиялык жынысташуу жүрөт.

Динофиттер көбүнчө тузсуз, азыраак туздуу жана өтө туздуу сууларда таркалышкан, 150гө жакын тукумду, 1100 түрлөрдү кармайт. Борбордук Азиянын сууларында 50 түр жана форма, анын ичинде Кыргызстандын сууларында 30га жакын түр белгилүү.

Айрым өкүлдөр, перидиниум (Peridinium) жана церациум (Ceratium) - таза, тунук көлдөрдүн (Сарычелек, Чатыркөл, Кабланкөл, Чоңкөл Музафаров, 1958, 1965; Мамбеталиева 1963; Каримова, 1973; Кулумбаева, 1983 жана башка) байлыгы. Булар кичинекей көлөмдөрдө, суу сактагычтарда да кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү