"Жагымдуу жашоо" (англ. The Good Earth) - 1931-жылы жарыкка чыгып, 1932-жылы Пулитцер сыйлыгына ээ болгон Перл С. Бактын романы. Жазуучунун 1938-жылы Нобель сыйлыгына татыктуулугу романдын 1931-1932-жылдары Америкада болгон популярдуулугу менен себептелинет. Бул роман "Уулдар" (англ. Sons, 1932) жана "Кыйраган там" (англ. A House Divided, 1935) үчилтигине кирген романдарынын биринчи китеби.

Биринчи дүйнөлүк согушуна чейинки кытай кыштагындагы үй-бүлөлүк турмушту сүрөттөгөнү үчүн "Жагымдуу жашоо" (англ. The Good Earth) эң көп окулган романдарынын бири болуп келет. Ал Life Magazine журналынын 1924-1944-жылдарнын эң көрүнүктүү 100 китептин тизмесине киргизилген. 2004-жылы, роман телеалпаруучу Опра Уинфринин Oprah's Book клубуна тандалгандан кийин, кайрадан эң сатылган китептердин тизмесине жайгашты. Роман, 1930-жылдары жашаган американдарга жапондор менен келе жаткан согушта кытайлыктарды өнөктөштөрү катары кароого жардам берди.

1932-жылы, Оуен жана Дональд Дэвистер жазган сценарий боюнча Бродвей сахнасында театр өнөрчүлөр бирдиги тарабынан аткарылган адаптация сынчылар тарабынан кабыл алынбай, 56 көрсөтүү менен гана чектелген. Ошентсе да, 1937-жылы, романдын сахналык адаптациясында негизделген тасма ийгиликке жеткен.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү