Жадид мектептери - усулижадид – 19–20-кылымдын аралыгында Волга боюнда, Кавказ, Түркстан, Кыргызстан, Казакстанда ачылган мектептер. Ислам дининин идеологиясында калыптанып калган эски ыкмадагы жана мазмундагы схоластикалык мектептердин (мисалы, «усули кадим») ишин сынга алган жадидчилер жалпы мектеп системасын ошол мезгилдин талабына ылайык өзгөртүүгө аракеттенишкен (к. Жадидизм). Жадидизмди негиздеген педагог, агартуучу Исмаил Гаспринский жана аны колдоочулар жаңы үлгүдөгү реформаны ишке ашыруу максатында 25 миңден ашуун мектептерди ачышкан. Жадид мектеби биринчи жолу Крымда ачылып (1884), кийин Түркстанга тараган. Анда мурда колдонулуп келген тамгалык-муундук усулдун ордуна тыбыштык-добуштук усул жана түшүндүрмө окуусу киргизилип, мындай ыкма менен балдардын окуу жана жазуу сабаты тез жоюлган. Жаңы усул боюнча мектептерде парта, доска пайдаланылып (мурда тизелеп отурушуп, тактачага, тери бетине, кой же уйдун далы сөөктөрүнө жазышкан), географиялык карталар колдонулган. Жадид мектебинин ачылышына адегенде Пишпек, Токмок жана Каракол шаарына Казан, Уфа шаарынан 1901–02-ж. келишкен татар агартуучулары демилгечи болушкан. Кийин кичине айылдарда да пайда болуп, 1909-ж. Чоң Кеминде Шабдан Жантай уулу «Шабдан медресесин», 1912-ж. Калпа ажы Курткада, Ыбыке уулу Канат менен Өтөмбай Төрөгелдин манап Кочкор өрөөнүндө, Мали уулу Сагаалы Тоң болуштугундагы Туура-Сууда (ал мектепте Казан менен Уфадан билим алып келген И. Арабаев мугалимдик кылган), 1911-ж. Тооке уулу Байзак менен Курман манап Жумгалда «Курмандын мектебин», Дүр Сооронбай уулу Чүйдө жана башка жерлерде ачылган. Кочкордогу Ыбыке уулу Канат ачкан мектеп-медресе Талды-Булак деген жерде жыгачтан салынып, он бөлмөдөн турган. Алыстан келген балдар үчүн медресенин алдында жатакана да болгон. Анда Уфадагы «Галия» медресесин бүтүрүп келген Канаттын Ыскак деген уулу сабак берген. Ал эми Жумгалдагы Курмандын он бөлмөлүү, асты тактайланган мектебинде 100дөй бала окуган. Чүйдүн Сайлык айылында салынган Дүрдүн мектебинин пайдубалы кыш, таштан салынып, жыгач материалдар менен курулуп, үстү тунуке менен жабылган. Бул мектепте Түндүк Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан балдар келип окушуп, ошол мектептин жатаканасында турушкан.

20-кылымдын башында Ош шаарында Жадид мектеби ачылып, анда Рахмонберди Мадазимовдун кудасы Балтыхожа Султанов жана саякатчы, революционер Фазылбек Касымбековдор иштешкен. Кыргызстандын түштүгүндөгү жадидизмдин лидерлери жана идеологдору молдо Рахмонберди Мадазимов, Балтыхожа Султанов жана саякатчы, революционер Фазылбек Касымбеков болушкон. Ал кезде катты билгендер аз болчу, катты негизинен ак сөөктөрдүн, колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары алышчу. Ошондуктан эл агартууга, Кыргызстандын түштүгүндө мектептердин тармагын өнүктүрүүгө молдо Рахмонберди Мадазимов зор көңүл бурган. Ал Ош облусунун эл агартуу тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон. Ош шаарында Рахмонберди Мадазимов, Балтыходжа Султанов жана Фазылбек Касымбеков тарабынан мектеп ачылып, 60тан ашуун бала, Кара-Суудагы мектепте 20дай бала окуган. Куршабда (Өзгөн) Эраалы миңбашы Ташкенттен Гулам Зафари деген мугалим алдырып, мектеп ачса, Өзгөндүн өзүндө 1907-ж. Факриддин, Рахим молдолордун демилгеси менен ачылган. Жалал-Абадда Мырзакул болуш Жадид мектептери үчүн атайын имарат салдырып, Бухарадан мугалимдерди алдырып, окууга шыктуу балдар үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Намангандагы атактуу Молдо Кыргыз медресесинде Нурмолдо Наркул уулу бир топ жылдар эмгектенип, кийин Ала-Бука, Аксы аймактарында жаңы усулдагы мектеп-медреселерде дин окуу-су менен катар эле «алхоризмий» деп аталган эсеп, «айнаме» деп аталган агрономия, айыл чарба мүнөзүндөгү сабактарды, чыгыш классиктеринин чыгармаларын, ошондой эле алгачкылардан болуп, кыргыз тилинде билим берип, «Манас» айттырып окуткан. 1905–06-ж. Жети-Өгүздүн Сары-Жон жайлоосунда элдин көмөгү менен Алдаш Молдо бала окутуу үчүн боз үйдө мектеп ачкан. Ал жалпы билим берүүчү сабактар менен катар эле эне тилин окутууну көздөп, биринчи жолу араб арибинин негизинде кол жазма түрүндө кыргызча «Алиппе» түзүп, бул туңгуч окуу куралы аркылуу балдардын сабатын ачып, аларды жазганга үйрөткөн. Алдаш Молдо түзгөн «Алиппени» башка мугалимдер көчүрүп алып, жер-жерлерде сабак берүүдө колдонушкан. Кийин анын тажрыйбасын И. Арабаев улантып, Уфада Сарсакеев деген казак студент менен бирге, биринчи жолу кыргыз, казак балдарына арналган «Алип-бээ жаки төтө окуу» аттуу китебин жазып, аны 1911-ж. «Шарк» басмасынан чыгарышкан. Көп өтпөй эле ал «Жазуу өрнөктөрү» (сулуу жазуунун үлгүлөрү) деген окуу куралын 1912-ж. Оренбург шаарында чыгарган. Бул китептер казак, кыргыз мектептеринде чоң ийгилик менен пайдаланылган. Жаңы усулдагы мектептерде материалдык, окуу-педагогикалык жактан, ошондой эле педагог адистердин аз болгондугунан кыргыз балдары кыйналып окушкан. Бирок буга карабастан, диний сабактар менен катар жарандык (светтик) багыттагы билимдин берилиши, кыргыз элинин тарыхындагы олуттуу окуялардан болгон. Ушул мектептер аркылуу Россиядагы мусулман калкы, анын ичинде кыргыздар да европ. цивилизация менен тааныша баштаган. Жадид мектептери Кыргызстанда 20-кылымдын башында билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Мектептин бүтүрүүчүлөрү кийин кыргыздын алдыңкы интеллигенциясынын негизин түзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1