Зенит – асман сферасынын борбору аркылуу өтүүчү тик сызык сферасынын жогорку жагы менен кесилишүү чекити.

Диаграммада зенит жана ага карама-каршы чекит надир көрсөтүлгөн.

Эгерде байкоочу асман сферасынын борборунда турат деп эсептелсе, анда зенит байкоочунун дал төбөсүндөгү асман сферасынын чекити болот. Зениттин горизонттон жогорку бийиктиги 90о. Зенитке карама-каршы чекит – надир. Тактап айтканда Жердин сферикалык эместигинен улам тик сызыктын жардамында аныктала турган зенит геометриялык зенит менен чанда гана дал келет.

Зенитке жакын жаа – галонун бир түрү; ал айлананын 1/4 бөлүгү бонча созулган жарык жаа түрүндө көрүнөт. Күндөн болжол менен 46° алыстыкта өтөт, борбору зенитте жатат. Зенит жакын жаанын пайда болушу булуттагы муз кристаллдарына түшкөн жарыктын сынышы менен шартталган. Ал Күн 32°тан кем эмес бийиктикте турган учурунда байкалат.

Зениттик аралык – горизонталдык координата системасындагы асман координатадарынын бири (Z), зениттин жана объектинин багыттарынын арасындагы бурч, 0о < Z < 180° чегинде болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов