Ич чели (peritoneum) - омурткалуу жаныбарлардын жана адамдын ич көңдөйүнүн ичин жана анда жайгашкан органдарды жаап туруучу жылма тунук чел.

Ич чели.

Чоң адамда Ич челинин жалпы аянты 1,6-2,04 м2 (16 000- 20 400 см2), калыңд. 0,7-1,1 мм. Ич чели ички (висцералдык) жана тышкы (париеталдык) катмардан турат. Ички катмары бөлүп чыгарган илээшме суюктук ички органдардын бири-бирине жабышпай, кыймылдап турушун камсыз кылат.

Ич челинин ички катмары кээ бир ички органдарды бардык жагынан, экинчилерин үч, үчүнчүлөрүн бир тарабынан жаап турат, о. эле бир органдан экинчи органга өткөндө байламталарды пайда кылат. Ал байламталар аркылуу ички органдар бири бири менен байланышат жана ал органдарга кан тамырлар, нервдер өтөт. Тышкы катмары ич көңдөйүнүн бетин жаап турат.

Ич чели кээ бир жерде ичегинин тегерегинде ойдуңчаларды пайда кылат. Аларга ириң же суу толсо, түрдүү оорулар келип чыгышы мүмкүн. Ич челинин составында көп сандаган нерв талчалары бар, ошон үчүн андагы кичине эле өзгөрүүлөр оорулуу адамга сезилип турат. Ич челинин сары сууну жана адамга зыяндуу түрдүү нерселерди сиңирүүсү төмөндөсө, ички органдар бири бирине жабышат, аткарган кызматы начарлайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.