Кидик бүркүт (Hieraaetus pennatus), (J.F. Gmelin, 1788):

Hieraaetus pennatus

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Европанын түштүгүндө, Африкада, Орто жана Түштүк Азияда, Жаңы Гвинея жана Австралияда, республиканын токойлуу тоолорунда кездешет.

Жашаган аймактары түзөтүү

Ар кандай типтеги токойлордо, көбүнчө жалбырактуу, ийне жалбырактуу токойлордо сейрек кездешет.

Саны түзөтүү

Кыргызстандын шарттарында саны такталган эмес. Ар кандай жактарда анын саны көп эмес. Акыркы үч жылдын ичинде 2 особң 2001, 2002 жж. кездешкен .

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Көчмөн куш. Республиканын территориясына апрелде келет. Уяларын көбүнчө жалбырактуу, чанда гана ийне жалбырактуу дарактарга салат. Уясында 1-2 жумуртка болот. Куштар менен, чанда гана майда кемирүүчүлөр жана сойлоп жүрүүчүлөр менен тамактанат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Түздөн-түз кыруу, уяларын талкалоо.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Коргоо үчүн атайын чаралар колдонулган эмес, бирок республика боюнча аны кармоого тыюу салынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Коруктардын территорияларында коргоону уюштуруу. Уялоочу жерлерге ӨКЖА уюштуруу. Чектөөчү факторлорду аныктоо, түрдүн биологиясын толугу менен изилдөө.

Статусу түзөтүү

VI категория, Near Threatened, NT: R. Аз изилделген куш. Монотиптүү түр . Кыргызстандын фаунасында бир уруунун жалгыз өкүлү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү