Кордебалет (французча corps de ballet, corps — өздүк курам жана ballet — балет дегенден) — операда, балетте, опереттада ж. б. массалык бийлерди аткаруучу ансамбль. Азыркы балетте элдик массалык сценанын кеңири иштелип чыгышы Кордебалеттин ролун күчөттү. 19-кылымда Кордебалетте аялдар гана бийлесе, 20-кылымда жигиттерден турган Кордебалет да зор мааниге ээ болду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү