Кургактагы аскерлер — согуш аракетин көбүнчө кургакта жүргүзүүчү куралдуу күчтүн бир түрү. Кургактагы аскерлер ар кандай кубаттагы ядролук дүрмөтү бар ракета, танк, зооттуу танкага каршы башкарылма реактивдүү снаряддар, жаңы реактивдүү артиллериялык жана автоматтуу түрдө атылма куралдар менен жабдылат. Кургактагы аскерлерге душмандын күчүн, ядролук соккудан кийин аман калган аскердик топторун талкалоо жүктөлөт. Согушуп жаткан өлкөнүн терең тылына өтө тездик менен чабуул коюп, ээлеген маанилүү стратегиялык аймактарды колдон чыгарбастан, ага бекем орношууга жана өз аймагына душмандын аскерлерин өткөзбөй, аба жана деңиз десанттарын жок кылууга тийиш. ошондой эле согуш убагында пайда болгон ар кандай татаал милдеттерди да чечет. Кургактагы аскерлердин душманды талкалоодогу негизги күчү — оперативдүү-тактикалык милдеттерди аткаруучу ракеталык аскерлер. Душмандын киши күчүн, согуш техникасын кыйратып, стратегиялык жана тактикалык маанилүү милдеттерди орундатууда кургактагы аскерлер башка аскер бөлүктөрү менен бирге аракеттенет. Аскер техникасынын, илимдин жана объектилердин өнүгүшү менен кургактагы аскерлердин операция жүргүзүү ийкемдүүлүгү, ылдамдыгы, сокку уруу, атып талкалоо кубаты күчөп, ракета-ядролук арсеналы, оперативдүү-тактикалык максаттагы бардык курал-жабдыктары жакшыртылууда. Чалгын жүргүзүү жана байланыш, автоматташтыруу, аскерлерди башкаруу каражаттары өркүндөтүлүп, жаңы куралдар жасалууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү