Кызгылт фламинго (Phoenicopterus ruber), (Linnaeus, 1758):

Phoenicopterus ruber

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Түштүк Европада, Африкада, Түштүк Азияда жана чыгышта Бирмага чейин. Мурунку СССРде Арал-Каспий ойдуңу, Карабогазгол кысыгы жана Казакстандын айрым көлдөрүндө. Чыгыш жана Түштүк-Батыш Каспий деңизинин жээктеринде саны көп, ошондой эле Иран жана Индияда кыштайт . Кыргызстанга фламинго кокусунан учуп келип түшкөн куш. В.Н. Шнитников фламинго Нарын менен Ысыккөлдө кездешет деп көрсөткөн. 1933-жылы февралда Ысыккөлдө табылган фламинго биздин коллекцияда бар, ошондой эле 1954-жылы күзүндө Кокуйкөлдө ( Ысык-Көлдүн түштүк-батыш жээгинде) 4 фламингонун учуп келип түшкөнү белгилүү . 1998-1999-жылы кышында Балыкчы шаарынын аймагында 12 куш, 2002-2003-жылы бир фламинго болгону белгилүү .

Жашаган аймактары түзөтүү

Аралдарына уялайт .

Саны түзөтүү

Саны изилденген эмес. Санынын өзгөрүлүшүнүн себептери. Жашоого ылайыктуу жерлери жок.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Кеңири жайылган, көп терең эмес, жакшы жылыган туздуу көлдөрдө уялайт. Фламингонун колониясынын түзүлүшү туруксуз, себеби ал суунун деңгээлине жана анын туздуулугуна көзкаранды. Киши жана жырткычтар баралбаган же жете албаган майда, жээктери тайыз жерлерге колониясын түзөт. Уялары чоң, конус формасында. Буларды бир гана жай пайдаланат. Кээбир учурда уя салышпайт, жумурткаларын түз эле кумга ташташат. Уясында 1-3 жумуртка. Бир айга жакын эркеги жана ургаачысы алмак-салмак басып чыгарат. Фламингонун негизги жеми – майда рак сымалдуулар, моллюскалар, туздуу сууда жашоочу чымындардын личинкалары, суу өсүмдүктөрдүн уруктары. Жемин суу жана баткак менен аралаш салып, аны тумшугу менен чыпкалайт .

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Ысыккөлдөн башка туздуу көлдөрдүн жоктугу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Дүйнөдө көп зоопарктарда, ошондой эле мурунку СССРге кирген республикаларда багылат.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын Кызыл китептерине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Кыштоочу жана миграция жерлерине убактылуу заказниктерди уюштуруу.

Статусу түзөтүү

VI категория, Nearly Threatened, NT: R. Сейрек кездешчү, кокусунан учуп келген куш.Кыргызстанда фламинго тукумунан бир гана түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү