Кэрри-Энн Мосс (англ. Carrie-Anne Moss;1967-жылдын 21-августунда туулган) - канадалык актриса. Актриса өзүнүн алгачкы ролдорун телевизиондук тасмаларда ойногон. Ал дүйнөгө "Матрица" (англ. The Matrix) тасмасындагы Тринитинин ролу менен белгилүү болгон. Кэрри-Энн Мосс "Эстелик" (англ. Memento, 2000), "Кызыл планета" (англ. Red Planet, 2000), Шоколад (англ. Chocolat, 2000), " Фидо" (англ. Fido, 2006), "Кар пирогу" (англ. Snow Cake, 2006), "Паранойя" (англ. Disturbia, 2007), "Элестете албай турган" (англ. Unthinkable, 2010),"Сайлент Хилл: Сырды ачуу" (англ. Silent Hill: Revelation, 2012) жана "Помпеи" (Pompeii, 2014) тасмаларында роль жараткан. Актриса азыр Marvel Cinematic Universe компаниясы 2015-жылдан азыркы учурга чейин тартып жаткан сериалдын экинчи бөлүгү "Жессика Жонс" (англ. Jessica Jones, 2015–азыркыга чейин) тасмасында Жери Когарттын ролун ойноп келген.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү